bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 44
Jeremiah 44
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 45 →
1
Мисирдеги Мигдолго, Такпанкеске, Нопко жана Патрос жерлерине отурукташкан бүт жүйүттөр тууралуу Жеремияга болгон сөз:
2
Ысрайыл Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Силер баарыңар Менин Иерусалимге жана Жүйүт аймагынын бардык шаарларына каптаткан бүт алааматымды көрдүңөр. Мына, алар эми ээн калды, аларда эч ким жашабайт.
3
Бул алардын Мени каарданткан мыйзамсыздыгы үчүн, өздөрү да, силер да, ата-бабаларыңар да билбеген башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп, кызмат кылгандыгы үчүн болду.
4
Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жибергем, аларды силерге мындай деп айттырганы таң заардан жибергем: “Мен жек көргөн мындай жийиркеничтүү ишти кылбагыла”.
5
Бирок алар укпай коюшту, кулак салбай коюшту, өздөрүнүн кыянат иштеринен кайтышкан жок, башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөткөнүн токтотушкан жок.
6
Ошондуктан Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп, Жүйүт аймагынын шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө жалындады. Азыр өзүңөр көрүп турганыңардай, ал жерлер урандыга, чөлгө айланды».
7
Азыр Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Өзүңөрдөн эч кандай калдык калтырбаш үчүн, жүйүттөрдүн арасынан эркектерди, аялдарды, жаш балдарды, наристелерди кырып,
8
өзүңөр жашаганы келген Мисир жериндеги башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп, өз колуңар менен жасаган нерселер менен Мени каардантып, өзүңөрдү кырып жок кылып, жер жүзүндөгү бардык элдердин арасында каргышка калып, маскара болуп, эмне үчүн өз жаныңарга ушундай чоң кыянаттык кылып жатасыңар?
9
Силер, эмне, ата-бабаларыңардын, Жүйүт падышаларынын мыйзамсыздыгын, өзүңөрдүн жана өзүңөрдүн аялдарыңардын Жүйүт жеринде, Иерусалим көчөлөрүндө кылган мыйзамсыздыгын унутуп калдыңарбы?
10
Алар бүгүнкү күнгө чейин моюн сунушкан жок, коркушпайт, Менин силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген мыйзамдарым боюнча, көрсөтмөлөрүм боюнча жүрүшпөйт».
11
Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мына, Мен бүт Жүйүт аймагына алаамат каптатыш үчүн, аларды кырыш үчүн, Өз жүзүмдү силерге каршы бурам.
12
Мисир жерине барып, ал жерде жашаш үчүн жүзүн буруп кеткен жүйүттөрдүн калдыгын алам, алардын бардыгы кырылат, Мисир жеринде өлүшөт. Алар кылычтан, ачарчылыктан кырылышат, кичинесинен чоңуна чейин кылычтан, ачкачылыктан өлүшөт. Алар каргышка калып, көргөндөрдүн үрөйүн учуруп, шылдың жана жаманатты болушат.
13
Мен Иерусалимди кылыч менен, ачкачылык менен, жугуштуу оору менен кандай жазаласам, Мисир жеринде жашагандарды да ошондой жазалайм.
14
Мисир жерине жашаш үчүн келип, кайра Жүйүт жерине жашаш үчүн бүт жан-дили менен кайрылып кеткиси келген жүйүттөрдүн калдыгынын ичинен эч ким качып кутула албайт жана эч ким аман калбайт. Ал жерден качып кеткендерден башка эч ким кайрылып келбейт».
15
Ошондо өздөрүнүн аялдарынын башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатканын билген эркектердин баары, ал жерде турган көп сандаган аялдардын бардыгы жана Мисир жеринде, Патросто жашаган бүт эл Жеремияга мындай деп жооп беришти:
16
«Биз сенин Теңирдин атынан айткан сөздөрүңдү укпайбыз.
17
Бирок биз өз оозубуздан эмне чыкса, ошонун баарын сөзсүз аткарабыз, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да, падышаларыбыз да, төрөлөрүбүз да Жүйүт аймагынын шаарларында жана Иерусалим көчөлөрүндө кылып келгендей, асман аял кудайына арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп, куюлуучу курмандыктарын куябыз. Анткени ошол учурда биздин курсагыбыз ток болчу, бактылуу болчубуз, кыйынчылык көргөн эмеспиз.
18
Ал эми асман аял кудайына арнап жыпар жыттуу зат түтөтпөй, куюлуучу курмандыктарын куйбай калгандан тартып, биз бардык нерсеге муктаж болуп, кылыч менен ачкачылыктан кырылып жатабыз.
19
Биз асман аял кудайына арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп, куюлуучу курмандыгын куюп турганыбызда, биз ага анын сүрөтү түшүрүлгөн нан жасап, куюлуучу курмандыгын куюп турганыбызды биздин эркектерибиз билген жок беле?»
20
Ошондо Жеремия бүт элге: эркектерге, аялдарга, ушинтип жооп берген бүт элге мындай деди:
21
«Силердин жана ата-бабаларыңардын, падышаларыңардын, төрөлөрүңөрдүн жана өлкө элинин Жүйүт шаарларында жана Иерусалим көчөлөрүндө ушинтип жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Теңирдин эсинде, Анын жүрөгүндө.
22
Теңир силердин кыянат иштериңерге жана жийиркеничтериңерге чыдай алган жок. Ошондуктан силердин жериңер чөлгө, көргөндөрдүн үрөйүн учурган жерге айланды, азыр өзүңөр көрүп турганыңардай, ал эч ким жашабаган, каргышка калган жерге айланды.
23
Силер ошентип жыпар жыттуу зат түтөтүп, Теңирдин алдында күнөөгө батканыңар үчүн, Теңирдин үнүн укпай койгонуңар үчүн, Анын мыйзамы боюнча, Анын көрсөтмөлөрү боюнча, Анын буйруктары боюнча жүрбөгөнүңөр үчүн, азыр көрүп турганыңардай, башыңарга ушул алаамат түштү».
24
Жеремия бардык элге жана бардык аялдарга дагы мындай деди: «Мисир жериндеги бардык жүйүттөр, Теңирдин сөзүн уккула:
25
Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Силер, силердин аялдарыңар өз оозуңар менен айтканыңарды өз колуңар менен кылдыңар. Силер: "Биз кандай убада кылсак, ошол убадабызды аткарабыз, асман аял кудайына арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп, куюлуучу курмандыгын куябыз", – деп айтып жатасыңар, ошондуктан өз убадаңарга бек тургула, убадаңарды так аткаргыла”.
26
Ошон үчүн Мисирде жашаган бардык жүйүттөр, Теңирдин сөзүн уккула: “Мына, Мен Өзүмдүн улуу ысымым менен ант бердим, – дейт Теңир, – бүткүл Мисир жеринде мындан ары "Кудай-Теңир тирүү!" деп, Менин ысымымды айткан бир да жүйүт болбойт.
27
Мына, Мен силердин үстүңөрдөн жакшылык үчүн эмес, жамандык үчүн көз салып турам. Мисир жериндеги бардык жүйүттөр таптакыр кырылганча, кылыч менен ачарчылыктан өлө беришет.
28
Кылычтан качып кутулган аз сандагы эл гана Мисир жеринен Жүйүт аймагына кайтат. Мисир жерине жашаганы келген жүйүттөрдөн калган элдин баары кимдин сөзү аткарыларын: Меникиби же өздөрүнүкүбү, ошондо билишет.
29
Мына, силерге белги, – дейт Теңир, – силерди Мен ушул жерде жазалайм, силердин кырыларыңар тууралуу айтылган Менин сөздөрүмдүн аткарыларын ошондо билесиңер.
30
Теңир мындай дейт: Мына, Мен Жүйүт падышасы Ситкияны аны өлтүргүсү келген душманы Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна кандай салып берсем, Мисир падышасы Хопра фараонду душмандарынын колуна, аны өлтүргүсү келгендердин колуна ошондой салып берем”».
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 45 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52