bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 5
Jeremiah 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 6 →
1
Иерусалимдин көчөлөрүн аралагыла, карагыла, чалгындагыла, анын аянттарынан издегиле. Эгерде адилеттикти сактаган, чындыкты издеген адам тапсаңар, анда Мен Иерусалимди аяр элем.
2
Алар “Теңир тирүү!” дешкени менен, жалган убада беришет».
3
Оо Теңир! Сенин көздөрүң чындыкка бурулган эмеспи? Сен аларды уруп жатасың, алар болсо ооруганын сезишпейт. Сен аларды кырып жатасың, бирок алар акыл-насаатты уккулары келбейт. Алар өздөрүнүн жүзүн таштан да катуу кылып алышкан, кайрылгылары жок.
4
Ошондо мен: «Булар жакыр адамдар болсо керек. Алар акылсыз, ошондуктан Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишпейт.
5
Мен атактууларга барып, алар менен сүйлөшөйүн, анткени алар Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишет», – дедим. Бирок алар да моюнтурукту талкалап, кишендерди үзүп салышты.
6
Ошон үчүн аларды токойдон чыккан арстан өлтүрөт, аларды чөл карышкыры кырат, аларды шаарларынын жанында илбирс аңдып жатат. Ким шаардан чыкса, ал жырткычка жем болот, анткени алардын кылмышы көбөйүп кетти, бузуктугу артты.
7
«Бул үчүн Мен сени кантип кечирем? Сенин уулдарың Мени таштап кетишти, кудай эместер менен ант берип жатышат. Мен аларды тойгузуп турдум, алар болсо бузуктук кылып, топ-тобу менен бузулган аялдардын үйлөрүнө барып жүрүштү.
8
Алар – семиртилген айгырлар. Алардын ар бири башка бирөөнүн аялына азынап турат.
9
Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
10
Анын дубалдарына чыккыла да кыйраткыла, бирок баарын эмес. Алардын жаш бутактарын кыйып салгыла, анткени алар Теңирдики эмес.
11
Анткени Ысрайыл менен Жүйүт Мага ишенимсиздик кылышты, – дейт Теңир.
12
Алар Теңир тууралуу калп айтышып, мындай дешти: “Бул Теңирден эмес, биздин башыбызга мүшкүл түшпөйт, биз ачарчылыкты да, кылычты да көрбөйбүз.
13
Пайгамбарлар да жел болуп калышат, аларда Теңирдин сөзү жок. Бул нерселер алардын өз баштарына келсин”».
14
Ошондуктан Себайот Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер ушундай сөздөрдү айтып жатканыңар үчүн, мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңда от кылам, ал эми бул элди отун кылам, бул от аларды жалмайт.
15
Ысрайыл, Мен сага каршы алыстан бир эл алып келем. Ал эл – күчтүү эл, байыркы эл, сен тилин билбеген, сөзүн түшүнбөгөн эл, – дейт Теңир.
16
Анын саадагы ачык мүрзөдөй, алардын бардыгы – кайраттуу адамдар.
17
Алар сенин түшүмүңдү, эгиниңди жейт, сенин уулдарыңды жана кыздарыңды жейт, сенин койлоруңду жана өгүздөрүңдү жейт, сенин жүзүмүңдү жана анжырыңды жейт. Сен таянган чептүү шаарларыңды кылыч менен кыйратышат.
18
Бирок ошол күндөрү да силерди таптакыр кырып салбайм, – дейт Теңир.
19
Эгерде алар: “Булардын бардыгын Кудай-Теңир бизге эмне үчүн кылып жатат?” – дей турган болушса, анда мындай деп жооп бер: “Силер Мени таштап, өз жериңерде башка кудайларга кызмат кылганыңар үчүн, жат жерде бөтөн элге кызмат кыласыңар”.
20
Муну Жакыпка кабарлагыла, Жүйүт аймагына жар салып, мындай дегиле:
21
“Муну ук, акылсыз эл, көзү бар болуп туруп көрбөгөн, кулагы бар болуп туруп укпаган, акыл-эси жок эл!”
22
Силер Менден коркпойсуңарбы? Менин алдымда калтырабайсыңарбы? – дейт Теңир. – Мен кумду деңизге чек ара, андан өтө албай турган түбөлүк чек кылып койдум. Анын толкундары жээкке канчалык умтулса да, аны бузуп өтө албайт. Деңиз долулана толкундаса да, андан өтө албайт.
23
Ал эми бул элдин жүрөгү өжөр, козголоңчул. Алар Теңирден четтеп кетишти.
24
Алар жүрөгүндө: “Кудай-Теңирибизден корколу, Ал бизге эрте жамгырды, кеч жамгырды өз маалында берет, биз үчүн Ал түшүм маалына белгиленген жумаларды сактайт”, – дешпейт.
25
Силердин мыйзамсыздыгыңар буларды болтурбай салды, бул жакшы нерселерден силерди күнөөлөрүңөр ажыратты.
26
Анткени Менин элимдин арасында жаман адамдар бар. Алар кушчулардай аңдышат, жерге жатып алып, торлорду жайып, адамдарды кармашат.
27
Чымчыкка толгон капастай, алардын үйлөрү алдамчылыкка толгон. Ошол аркылуу алар текеберденишти, байышты.
28
Алар толушту, семиришти, ар кандай жамандыктын чегинен өтүштү, алар сот иштерин, жетимдердин иштерин адилеттүү чечишпейт, жыргап жашашат, жакырлардын адилеттүү ишине акыйкаттык кылышпайт.
29
Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
30
Бул жерде таң каларлык, коркунучтуу иштер болуп жатат.
31
Пайгамбарлар жалган пайгамбарчылык кылып жатышат, ыйык кызмат кылуучулар алардын жардамы менен бийлик кылып жатышат, Менин элим да муну жакшы көрөт. Эми ушулардын баарынан кийин силер эмне кыласыңар?»
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52