bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 7
Jeremiah 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 8 →
1
Теңирден Жеремияга айтылган сөз:
2
«Теңир үйүнүн дарбазасынын алдында тур, ал жерде бул сөздү жарыялап айт: Бүт жүйүт эли, Теңирге табыныш үчүн мына бул дарбазадан киргендер, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла!
3
Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Өз жолуңарды жана өз иштериңерди оңдогула, ошондо Мен силерди бул жерде жашатам.
4
"Бул – Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы" деген жалган сөздөргө ишенбегиле.
5
Бирок жолуңарды, иштериңерди чыны менен эле оңдой турган болсоңор, бир адам менен анын жакынынын ортосунда адилеттүү сот жүргүзө турган болсоңор,
6
чет жерликтерге, жетим менен жесирлерге кысым көрсөтпөсөңөр, бул жерде жазыксыз кан төкпөсөңөр, өз башыңарга кайгы үйүп, бөлөк кудайлардын артынан ээрчибей турган болсоңор,
7
анда Мен силерди ушул жерде – ата-бабаңардын укум-тукумуна берген жерде жашатам.
8
Мына, силер өзүңөргө эч бир пайда алып келбеген жалган сөздөргө ишенесиңер.
9
Силер уурдап, киши өлтүрүп, бузуктук кылып, жалган ант берип, Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп, өзүңөр билбеген башка кудайлардын артынан жүрүп,
10
анан келип, Менин ысымым менен аталган ушул үйдө, Менин алдымда туруп, мындан ары да ушул жийиркеничтердин баарын кылыш үчүн: "Биз куткарылдык", – деп, кантип айтып жатасыңар?
11
Менин ысымым менен аталган бул үй силердин көзүңөргө каракчылардын уюгу болуп калган жокпу? Мына, Мен муну көрдүм, – дейт Теңир.
12
Мурун Өзүмдүн ысымымды орноткон жерим Шилого барып, Өзүмдүн элим Ысрайылдын кылган жамандыгы үчүн аны эмне кылганымды көргүлө.
13
Азыр да силер ушул иштердин баарын кылып жатканыңар үчүн, – дейт Теңир, – Мен силерге таң заардан баштап айткам, бирок силер уккан жоксуңар, силерди чакыргам, бирок силер жооп берген жоксуңар, – дейт Теңир.
14
Ошон үчүн Менин ысымым менен аталган, силер ишенген ушул үйдү, Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерди Шилону кандай кылсам, ошондой кылам.
15
Мен Өзүмдүн жүзүмдүн алдынан силердин бардык бир туугандарыңарды, Эпрайымдын бүт укум-тукумун, четке каккандай, силерди да четке кагам”.
16
Сен болсо бул эл үчүн сыйынба, алар үчүн өтүнбө, жалынба, Менден жалынып сураба, анткени Мен сени укпайм.
17
Алар Жүйүт аймагынын шаарларында жана Иерусалимдин көчөлөрүндө эмнелерди кылып жатышканын көрбөй турасыңбы?
18
Асман аял кудайына нан жасаш үчүн, балдар отун терип, аталар от жагып, аялдар камыр жууруп жатышат, Мени капа кылыш үчүн, башка кудайларга куюлуучу курмандыгын куюп жатышат.
19
Бирок алар Мени капа кылып жатышабы? Өздөрүн маскара кылып, өздөрүн өздөрү капа кылып жатышкан жокпу? – дейт Теңир.
20
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, ушул жерге Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп жатат. Адамдарга да, малдарга да, талаадагы бак-дарактарга да, жерде өскөн жемиштерге да каарым төгүлөт, күйөт, өчпөйт”.
21
Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошуп, этин жегиле.
22
Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана башка курмандыктар жөнүндө айткан да эмесмин, буйрук берген да эмесмин.
23
Бирок аларга мындай осуят бергем: Менин үнүмдү уккула, ошондо Мен силердин Кудайыңар болом, силер болсо Менин элим болосуңар, силерге жакшы болушу үчүн, Мен силерге буйрук кылган бардык жол менен жүргүлө.
24
Бирок алар укпай коюшту, кулактарын төшөбөй коюшту, өздөрүнүн түшүнүгү боюнча, бузулган жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашты, Менден жүздөрүн буруп, артын салышты.
25
Силердин ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, аларды күн сайын таң заардан жиберип турдум.
26
Бирок алар угушкан жок, Мага кулак салышкан жок, тескерисинче, өз моюндарын толгоп, ата-бабаларынан да жаман иштерди кылышты”.
27
Сен аларга бул сөздөрдүн баарын айтканыңда, алар сени укпай коюшат, сен аларды чакырганыңда, алар сага жооп беришпейт.
28
Ошондо аларга мындай де: “Өз Кудай-Теңиринин үнүн укпаган, акыл-насаатты кабыл албаган эл ушул! Аларда чындык жок, алардын оозунан чындык алынды”.
29
Өз чачыңды кыркып ыргыт, тоо үстүндө ыйла, анткени Теңирдин каарын өзүнө төктүргөн бул элди Теңир четке кагып, таштап салды.
30
Анткени Жүйүт уулдары Менин көз алдымда кыянаттык кылып жатышат, – дейт Теңир, – Менин ысымым менен аталган үйдү булгаш үчүн, өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселерин коюшту.
31
Уулдары менен кыздарын отко өрттөш үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүнө Топет бийиктиктерин орнотушту. Мен аларга мындай кылууну буйруган эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.
32
Ошон үчүн, мына, мындан ары бул жерди Топет деп, Ином уулдарынын өрөөнү деп атабай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Бирок ал жерди Өлтүрүү өрөөнү деп аташат, жер жетпегендиктен, Топетке өлүктөрдү көмүшөт.
33
Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жердеги жырткыч айбандарга азык болот, аларды кубалоого эч ким чыкпайт.
34
Жүйүт аймагынын шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөө менен колуктунун үнүн токтотом, анткени бул жер ээн чөлгө айланат.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52