bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 17
Jeremiah 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 18 →
1
Жүйүттүн күнөөсү темир кескич менен, алмаздын мизи менен алардын жүрөк лоокторуна жана алардын курмандык чалынуучу жайларынын мүйүздөрүнө жазылды.
2
Алар өз уулдарын эстегендей, өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайлары тууралуу, бийик дөбөлөрдөгү, жашыл дарактардын түбүндөгү Ашейра мамылары тууралуу эстешет.
3
Талаадагы Өзүмдүн тоомду, сенин мал-мүлкүңдү, сенин бардык асыл буюмдарыңды талап-тоноого берем, сенин бардык бутканаларыңды бардык аймактарыңдагы күнөөлөрүң үчүн талап-тоноого берем.
4
Мен берген мурастан ажыраганга сен өзүң себепкер болосуң, анан сени өзүң билбеген жердеги душмандарыңа кулчулукка берем, анткени силер Менин каарымдын отун жалындаттыңар, ал түбөлүккө күйө берет».
5
Теңир мындай дейт: «Адамдан үмүттөнгөн, өз денесин тирек кылган, жүрөгү Теңирден алыстаган адамга каргыш!
6
Ал адам чөлдөгү бадалдай болот, ал ырайымдын келгенин көрбөйт, чөлдөгү ысык жерлерге, түшүм бербеген, эч ким жашабаган жерге отурукташат.
7
Теңирден үмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу.
8
Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт.
9
Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?
10
Мен, Теңир, ар бир адамга өзүнүн жолуна жана кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берүү үчүн, жүрөккө чейин кирип, ички дүйнөнү сынап турам.
11
Байлыкты жалган жол менен тапкан адам өзү туубаган жумурткаларды басып отурган кекиликтей: ал байлыкты өмүрүнүн жартысында калтырат, өмүрүнүн аягында акылсыз бойдон калат».
12
Биздин ыйыктала турган жайыбыз – башынан эле жогору көтөрүлгөн даңк тагында.
13
Сен, Теңир, Ысрайылдын үмүтүсүң. Сени таштаган адамдардын баары маскара болушат. «Менден четтегендердин бардыгы жерге жазылат, анткени өмүр суусунун булагы болгон Теңирди таштап коюшту».
14
Мени айыктыр, Теңир, ошондо мен айыгам. Мени куткар, ошондо мен куткарылам. Анткени менин мактанычым Сенсиң.
15
Алар мага: «Теңирдин сөзү кайда? Ал келсин!» – дешет.
16
Мен Сенин койчуң болууга шашылган жокмун жана кайгы күнүн каалаган эмесмин, муну Сен билесиң. Менин оозумдан чыккан нерсе Сенин алдыңда ачык.
17
Мен үчүн коркунучтуу болбо, кайгы күнү менин таянычым Сенсиң.
18
Мени куугандар уятка калышсын, бирок мен уятка калбайын. Алар калтырашсын, бирок мен калтырабайын. Аларга кайгы күндү каптат, аларды өзгөчө кыйроо менен кыйрат.
19
Теңир мага мындай деди: «Бар, Жүйүт падышалары кире турган жана чыга турган, элдин уулдарынын дарбазаларынын алдында тур, Иерусалимдин бардык дарбазаларынын алдында тур.
20
Анан аларга мындай де: “Жүйүт падышалары, бардык Жүйүт эли жана ушул дарбазалар менен кирген Иерусалимдин бардык тургундары, Теңирдин сөзүн уккула.
21
Теңир мындай дейт: "Өз жаныңарды сактагыла, ишемби күнү жүк көтөрбөгүлө, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбегиле.
22
Ишемби күнү үйүңөрдөн жүк көтөрүп чыкпагыла, эч кандай жумуш кылбагыла, бирок ишемби күндү Мен силердин ата-бабаларыңарга кандай буйрусам, ошондой кылып ыйык туткула.
23
Бирок алар укпай коюшкан, кулак төшөбөй коюшкан, акыл-насаатты укпаш үчүн, аны кабыл албаш үчүн, тоң моюн болуп калышкан.
24
Эгерде силер Менин тилимди алып, – дейт Теңир, – ишемби күнү бул шаардын дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбесеңер, бул күнү эч кандай жумуш жасабай, аны ыйык тутсаңар,
25
анда бул шаардын дарбазалары аркылуу Дөөттүн тагында отурган падышалар менен төрөлөр, араба менен жүргөндөр, атка минип жүргөндөр киришет. Алар жана алардын мырзалары, жүйүттөр жана Иерусалимдин тургундары киришет, ошентип, бул шаар түбөлүккө эл жашаган шаар болот.
26
Ошондо Жүйүт шаарларынан да, Иерусалимдин айланасынан да, Бенжемин жеринен да, түздүктөрдөн да, тоолордон да, түштүктөн да келишет, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды, нан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарды жана ыраазычылык курмандыктарын алып келишет.
27
Эгерде Менин тилимди албай, ишемби күнүн ыйык тутпай, ишемби күнү Иерусалимдин дарбазасы аркылуу жүк көтөрүп кирсеңер, анда анын дарбазасына от коём, ал Иерусалимдин чептерин жалмайт, өчпөйт"”».
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52