bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 21
Jeremiah 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 22 →
1
Теңирден Жеремияга сөз болгондо, Ситкия падыша Малкиянын уулу Пашкурду жана ыйык кызмат кылуучу Маасейдин уулу Сепанияны Жеремияга:
2
«Теңирден биз жөнүндө сура, анткени Бабыл падышасы Небухаданасар биз менен согушуп жатат. Ал бизден чегиниши үчүн, Теңир, балким, биз үчүн Өзүнүн бардык кереметтерине окшош бир кереметти көрсөтөр», – деп айттырыш үчүн жиберди.
3
Ошондо Жеремия аларга мындай деди: «Ситкияга мындай деп айткыла:
4
Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, дубалдын сыртында силерди курчап турган Бабыл падышасы жана каздимдер менен салгылашып жаткан колуңардагы согуштук курал-жарактарды Мен артка бурам, анан аларды ушул шаардын ортосуна чогултам.
5
Силер менен Мен Өзүм согушам. Каарымды төгүп, ачууланып, жаалданып сунулган колум, күчтүү билегим менен согушам.
6
Бул шаарда жашагандардын баарын: адамдарды да, малды да кырам, алар чоң жугуштуу оорудан кырылат.
7
Ошондон кийин, – дейт Теңир, – Жүйүт падышасы Ситкияны, анын кызматчыларын, элди жана бул шаарда жугуштуу оорудан, кылычтан, ачарчылыктан кырылган элдин калганын Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, өздөрүнүн душмандарынын колуна жана алардын жандарын издеп жүргөндөрдүн колуна салып берем. Ошондо ал аларды кылычтын мизине алып кырат, аларды аябайт, аларга боор оорубайт, ырайым кылбайт”».
8
«Бул элге айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге өмүрдүн жолун жана өлүмдүн жолун сунуш кылып жатам:
9
Бул шаарда калган адам кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан өлөт. Ал эми чыгып, силерди курчап алган каздимдерге багынып берген адам аман калат, ага өзүнүн жаны олжо ордуна болот.
10
Анткени Мен Өз жүзүмдү ушул шаарга каршы бурдум, – дейт Теңир, – жакшылыкка эмес, жамандыкка бурдум. Шаар Бабыл падышасынын колуна берилет, ал аны өрттөйт”.
11
Ал эми Жүйүт падышасынын тукумуна айт: “Теңирдин сөзүн уккула:
12
Дөөт тукуму! Теңир мындай дейт: "Менин каарым оттой жалындабашы үчүн, силердин кыянат иштериңердин себебинен эч ким өчүрө албай тургандай болуп жалбырттап күйбөшү үчүн, таң заардан акыйкаттык кылгыла, тонолгонду талап-тоноочунун колунан куткаргыла.
13
Мына, Мен сага каршымын, өрөөндүн тургуну, түздүктүн аскасы, – дейт Теңир. – 'Бизге ким каршы чыга алат жана биздин турагыбызга ким кире алат?' – деп айткан силерге каршымын.
14
Бирок Мен силерди иштериңердин жемиштерине жараша жазалайм, – дейт Теңир, – силердин токоюңарга от коём, ал от анын тегерегиндегилердин баарын жалмайт"”».
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52