bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 33
Jeremiah 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 34 →
1
Жеремия дагы эле сакчылардын короосунда камакта жатканда, Теңирден ага экинчи ирет сөз болду:
2
Ысымы Теңир болгон, жерди жараткан Теңир, аны орноткон жана бекемдеген Теңир мындай дейт:
3
«Мени чакыр, ошондо Мен сага жооп берем, Мен сага сен билбеген улуу жана кол жеткис нерсени көрсөтөм.
4
Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири согуш үчүн, жал үйүш үчүн талкаланып жаткан бул шаардын үйлөрү жөнүндө, Жүйүт падышаларынын үйлөрү жөнүндө мындай дейт:
5
Үйлөрдү каздимдер менен согушууга келгендер талкалашат, Мен каарданып жатканымда, ачууланып жатканымда, үйлөрдү адамдардын өлүктөрүнө толтурам. Мен алардын мыйзамсыздыктары үчүн бул шаардан Өз жүзүмдү жашырдым.
6
Мен аны дарылап айыктырам, куткарам, сакайтам, аларга мол тынчтыкты жана чындыкты ачып берем.
7
Мен Жүйүт туткундары менен Ысрайыл туткундарын кайра алып келип, аларды баштагыдай кылып орноштурам.
8
Аларды Менин алдымда кылган бардык күнөөлөрүнөн тазалайм, алардын Мага каршы чыгып, Менин алдымда кылган бардык күнөөлөрүн кечирем.
9
Ошондо Иерусалим Мен үчүн жер жүзүндөгү бардык элдердин алдында кубанычтуу ысым, даңк жана сыймык болот, элдер Менин ага көрсөткөн ырайымым жөнүндө, Менин ага кылган жакшы иштерим жөнүндө, ага берген жакшы күндөрүм жөнүндө угуп, таң калып титирешет».
10
Теңир мындай дейт: «Силер: “Бул жер – элсиз жана малсыз ээн жер”, – деп айткан жерде, Жүйүт шаарларында жана элсиз, малсыз ээн калган Иерусалимдин көчөлөрүндө
11
кайрадан кубанычтын жана шаттыктын, күйөөнүн жана колуктунун, ошондой эле “Себайот Теңирди даңктагыла, анткени Теңир жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүк” дегендердин үнү угулат. Теңир үйүндө ыраазычылык курмандыгын чалгандардын үнү угулат, анткени Мен бул жердин туткундалып кеткендерин кайра мурунку абалына келтирем», – дейт Теңир.
12
Себайот Теңир мындай дейт: «Элсиз, малсыз ээн калган бул жерде жана анын бардык шаарларында кайрадан койлорун жуушаткан койчулардын турак жайлары болот.
13
Тоодогу шаарларда, түздүктөгү шаарларда, түштүктөгү шаарларда, Бенжемин жеринде, Иерусалимдин айланасында жана Жүйүт шаарларында койлор кайрадан кой саноочунун кол астынан өтөт, – дейт Теңир.
14
Күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл менен Жүйүт жөнүндө айткан ошол жакшы сөзүмдү орундатам.
15
Ошол күндөрдө, ошол мезгилде Дөөткө адилеттүү Бутак өстүрүп чыгарам, Ал жер үстүндө акыйкаттык жана адилеттүүлүк орнотот.
16
Ошол күндөрдө Жүйүт куткарылат, Иерусалим коопсуз жашайт, ага “Теңир биздин адилеттигибиз” деген ат коюшат».
17
Анткени Теңир мындай дейт: «Дөөт тукумунан Ысрайылдын тагында отурган адам үзүлбөйт.
18
Ыйык кызмат кылуучу лебилерден Менин алдымда өмүрү өткөнчө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалган, курмандыктарды өрттөгөн жана башка курмандыктарды чалган адам үзүлбөйт».
19
Жеремияга Теңирден сөз болду:
20
Теңир мындай дейт: «Силер күн менен түн өз мезгилинде болбошу үчүн, күн жөнүндө жана түн жөнүндө түзгөн Менин мыйзамымды буза албагандай эле,
21
Дөөттүн тагында падышачылык кылган уулу болбошу үчүн, Менин кулум Дөөт менен түзгөн келишимимди, Менин кызматчыларым болгон ыйык кызмат кылуучулар – лебилер менен түзгөн келишимимди да буза албайсыңар.
22
Асман кошуундары кандай сансыз болсо, деңиз куму кандай ченелгис болсо, Менин кулум Дөөттүн тукумун жана Мага кызмат кылган лебилерди так ошондой кылып көбөйтөм».
23
Жеремияга Теңирден сөз болду:
24
«Бул элдин: “Теңир Өзү тандап алган бул эки урууну Өзү четке какты”, – деп айтып жатканын көрбөй турасыңбы? Ошон үчүн Менин элим алар үчүн эл болуудан калгандай, аны жек көрүп жатышат».
25
Теңир мындай дейт: «Күн жөнүндө, түн жөнүндө түзгөн Өзүмдүн келишимимди жана асман менен жердин Мен койгон мыйзамын бузууга мүмкүн болбогон сыяктуу,
26
Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын тукумуна мындан ары Дөөттүн тукумунан падыша койбош үчүн, Жакыптын жана Өзүмдүн кулум Дөөттүн тукумун четке кагышым да мүмкүн эмес. Анткени алардын туткундарын кайра алып келип, аларга ырайым кылам».
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52