bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 34
Jeremiah 34
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 35 →
1
Бабыл падышасы Небухаданасар, анын бүт аскерлери жана жер үстүндө анын кол астында турган бардык падышачылыктар, бардык элдер Иерусалимдин жана Жүйүттүн бардык шаарларынынын тургундары менен согушуп жатканда, Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2
Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Бар, Жүйүт падышасы Ситкияга мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна салып берип жатам, ал аны өрттөп жиберет.
3
Сен анын колунан кутулбайсың, сөзсүз колго түшөсүң, анын колуна салынып берилесиң, сен Бабыл падышасын өз көзүң менен көрөсүң, аны менен оозмо-ооз сүйлөшөсүң, анан Бабылга кетесиң”.
4
Ошондой болсо да, Жүйүт падышасы Ситкия, Теңирдин сөзүн ук! Сен тууралуу Теңир мындай дейт: “Сен кылычтан өлбөйсүң.
5
Сен тынчтыкта өлөсүң, сага чейин падышачылык кылган мурунку падышалар – сенин ата-бабаларың үчүн жыпар жыттуу зат түтөтүшкөндөй эле, сен үчүн да жыпар жыттуу зат түтөтүп, сени: "Оо, кайран падышам", – деп жоктоп ыйлашат, анткени бул сөздү Мен айтып жатам“», – дейт Теңир.
6
Жеремия пайгамбар бул сөздөрдүн баарын Жүйүт падышасы Ситкияга Иерусалимде айтып берди.
7
Бул арада Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимдин жана Жүйүттүн калган бардык шаарларынын тургундары менен, Лакиш жана Азейканын тургундары менен согушуп жатты. Анткени Жүйүт шаарларынын ичинен, чептүү шаарлар катары, ушул шаарлар гана калган эле.
8
Ситкия падыша Иерусалимде жашаган бүт эл менен келишим түзгөндөн кийин, Жеремияга Теңирден сөз болду. Ал келишим мындай эле: Эркиндик жарыялансын,
9
ар бир адам өзүнүн эврей кулун, өзүнүн эврей күңүн эркиндикке чыгарсын, алардын эч кимиси өз бир тууганын – жүйүттү кулдукта кармабасын.
10
Ошондо келишимге кирген бардык төрөлөр менен бардык эл ар бир кулду жана ар бир күңдү эркиндикке чыгарганга, мындан ары аларды кулдукта кармабаганга макул болушту. Ошентип, алар макул болушуп, аларды коё беришти.
11
Бирок ошондон кийин алар оюн өзгөртүшүп, эркиндикке чыгарган кулдары менен күңдөрүн кайра алышып, аларды кайрадан кул жана күң болууга мажбур кылышты.
12
Ошондо Жеремияга Теңирден сөз болду:
13
Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, кулчулуктун үйүнөн алып чыкканда, алар менен мындай деп келишим түзгөм:
14
“Жетинчи жылдын аягында сага өзүн өзү саткан эврей бир тууганыңды боштондукка чыгар. Ал сага алты жыл кызмат кылсын, анан аны эркиндикке чыгар”. Бирок силердин ата-бабаларыңар Менин тилимди алышкан жок, Мага кулак төшөшкөн жок.
15
Азыр силер кайрылып, Менин көз алдымда адилеттик кылдыңар, ар бириңер өз жакыныңарга азаттык жарыяладыңар, Менин ысымым менен аталган үйдө, Менин алдымда келишим түздүңөр.
16
Бирок андан кийин силер оюңарды өзгөртүп, Менин ысымымды булгадыңар, кайда барууну кааласа, ошол жакка барсын деп, азаттыкка чыгарган кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү кайра алып келип, аларды кул болууга жана күң болууга мажбурлап жатасыңар».
17
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Силер Менин ар бир адам өз бир тууганына жана өз жакынына азаттык жарыяласын деген сөзүмдү укпай койдуңар. Мына ошон үчүн Мен, – дейт Теңир, – силерге каршы кылычка, жугуштуу ооруга, ачарчылыкка эркиндик жарыялайм. Силерди жер жүзүнүн бардык падышачылыктарынын үрөйүн учурган коркунучка айландырам.
18
Бир букачарды экиге бөлүп, ошонун ортосунан өтүп, Менин алдымда өздөрү түзгөн Менин келишимимдин сөздөрүн аткарбай, Менин келишимимди бузган
19
Жүйүт төрөлөрү менен Иерусалим төрөлөрүн, эбнухтарды, ыйык кызмат кылуучуларды жана экиге бөлүнгөн букачардын ортосунан өткөн бул жердин бүт элин
20
өздөрүнүн душмандарынын колуна, аларды өлтүргүсү келгендердин колуна салып берем. Ошондо алардын өлүктөрү асман канаттуулары менен жерде жашаган жырткычтарга азык болот.
21
Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн өздөрүнүн душмандарынын колуна, аларды өлтүргүсү келгендердин колуна жана силерден чегинген Бабыл падышасынын аскерлеринин колуна салып берем.
22
Мына, Мен буйрук берем, – дейт Теңир, – аларды бул шаарга кайра алып келем, ошондо алар бул шаарга кол салып, аны каратып алып, өрттөп жиберишет. Ошентип, Мен Жүйүт аймагынын шаарларын эл жашабаган чөлгө айлантам».
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 35 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52