bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 28
Jeremiah 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 29 →
1
Ошол эле жылы, Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын алгачкы жылдарында, падышачылыгынын төртүнчү жылынын бешинчи айында Гибондон чыккан пайгамбар – Азур уулу Ханания мага Теңир үйүндө, ыйык кызмат кылуучулардын жана бүт элдин көз алдында мындай деди:
2
«Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам.
3
Эки жылдан кийин Мен бул жерге Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерден Бабылга алып кеткен Теңир үйүнүн идиштеринин баарын кайра алып келем.
4
Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана Бабылга туткундалып кеткен бүт жүйүт элин бул жерге кайра алып келем, – дейт Теңир. – Анткени Бабыл падышасынын моюнтуругун кыйратам”».
5
Ошондо Жеремия пайгамбар Теңир үйүндө турган ыйык кызмат кылуучулардын көз алдында жана бүт элдин көз алдында Ханания пайгамбарга айтты:
6
Жеремия пайгамбар мындай деди: «Оомийин, Теңир муну ошондой кылсын! Теңир үйүнүн идиштери менен бүт туткундардын Бабылдан бул жерге кайра келиши тууралуу пайгамбарчылык кылып айткан сенин сөздөрүңдү Теңир иш жүзүнө ашырсын!
7
Бирок бул сөздү угуп ал, мен аны сага жана бүт элге угуза айтам:
8
Менден мурунку жана сенден мурунку пайгамбарлар көп жерлерге жана улуу падышачылыктарга согуш, алаамат, жугуштуу оору болорун алдын ала айтып келишкен.
9
Эгерде кайсы бир пайгамбар тынчтык болорун алдын ала айткан болсо, анда ошол пайгамбардын айткан сөзү орундалганда гана аны чыны менен Теңир жиберген пайгамбар деп эсептешкен».
10
Ошондо Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнунан моюнтурукту чечип алып, талкалап салды.
11
Ханания бүт элдин көз алдында мына бул сөздөрдү айтты: «Теңир мындай дейт: “Эки жылдан кийин бүт элдердин мойнунан Бабыл падышасы Небухаданасар салган моюнтурукту чечип алып, так ушундай кылып талкалайм”». Анан Жеремия өз жолу менен кетти.
12
Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту талкалап салгандан кийин, Жеремияга Теңирден мындай сөз болду:
13
«Бар, Хананияга айт: Теңир мындай дейт де: “Сен жыгач моюнтурукту талкалап салдың, эми анын ордуна темир моюнтурук жасайсың”.
14
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасарга кызмат кылдырыш үчүн, ушул элдердин баарынын мойнуна темир моюнтурук салам, ошондо алар ага кызмат кылышат, атүгүл, Мен ага талаа жырткычтарын да бердим”».
15
Ошондо Жеремия пайгамбар Ханания пайгамбарга мындай деди: «Кулак сал, Ханания. Сени Теңир жиберген эмес, сен болсо бул элди жалган үмүттөндүрүп жатасың.
16
Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мына, Мен сени жер бетинен жок кылам. Сен ушул эле жылы өлөсүң, анткени сен Теңирге каршы сүйлөдүң”».
17
Ханания пайгамбар ошол эле жылы, жетинчи айда өлдү.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52