bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 36
Jeremiah 36
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 37 →
1
Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында Жеремияга Теңирден мындай сөз болду:
2
«Өзүңө түрмөк китеп ал, ага Мен сага сүйлөй баштаган күндөн тартып, Жошиянын күндөрүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Менин Ысрайыл жөнүндөгү, Жүйүт жөнүндөгү, бардык элдер жөнүндөгү айткан сөздөрүмдүн бардыгын жаз.
3
Балким, Жүйүт Менин аларга жасайм деп ойлогон бардык алааматтарым жөнүндө угуп, өзүнүн жаман жолунан бурулар. Ошондо Мен алардын айыбы менен күнөөсүн кечирем».
4
Ошондо Жеремия Нейриянын уулу Барухту чакырды, Барух Теңирдин Жеремияга айткан сөздөрүнүн бардыгын Жеремиянын өз оозунан түрмөк китепке жазды.
5
Анан Жеремия Барухка мындай деп буйрук берди: «Мен камактамын, Теңир үйүнө бара албайм.
6
Ошондуктан сен барып, түрмөк китепке менин оозумдан жазып алган Теңирдин сөздөрүн орозо күнү, Теңир үйүндө элге угуза окуп бер. Ошондой эле аны өз шаарларынан келген бүт жүйүт элине угуза окуп бер.
7
Балким, алар Теңирдин алдында моюн сунуу менен сыйынып, өздөрүнүн жаман жолунан бурулушар, анткени Теңирдин бул элге каршы жар салып айткан каары менен жаалы өтө катуу».
8
Нейрия уулу Барух түрмөк китепте жазылган Теңирдин сөздөрүн Теңир үйүндө окуп берип, Жеремия ага эмне буйрук кылса, ошонун баарын аткарды.
9
Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын бешинчи жылынын тогузунчу айында Иерусалимдеги бүт элге жана Жүйүт шаарларынан Иерусалимге келген бардык элге Теңирдин алдында орозо жарыялашты.
10
Ошондо Барух түрмөк китепте жазылган Жеремиянын сөздөрүн Теңир үйүндө, катчы Сапан уулу Гемариянын бөлмөсүндө, Теңир үйүнүн жаңы дарбазасынын кире беришинде, үстүнкү короодо бүт элге угуза окуп берди.
11
Сапан уулу, Гемария уулу Михей түрмөк китепте жазылган Теңирдин сөздөрүнүн баарын укту.
12
Анан ал падышанын үйүнө, падыша катчысынын бөлмөсүнө түшүп келди, ал жерде бардык төрөлөр отурушкан: падышанын катчысы Элишама, Шемая уулу Делая, Акбар уулу Элнатан, Сапан уулу Гемария, Ханания уулу Ситкия жана бардык төрөлөр.
13
Михей аларга Барух түрмөк китепти элге угуза окуп жатканда уккан сөздөрүнүн баарын айтып берди.
14
Ошондо төрөлөрдүн баары Барухка Кушинин уулу, Шелемиянын уулу, Натанийдин уулу Жейудини: «Сен элге угуза окуп берген түрмөк китепти колуңа алып, бизге кел», – деп айттырганы жиберишти. Ошондо Нейриянын уулу Барух түрмөк китебин колуна алып, аларга келди.
15
Алар ага: «Отур, бизге угуза окуп бер», – дешти. Ошондо Барух аларга угуза окуп берди.
16
Алар бүт сөздөрдү угуп бүткөндөн кийин, үрөйлөрү учуп бири-бирин карашты жана Барухка: «Биз бул сөздөрдүн баарын падышага сөзсүз айтып беребиз», – дешти.
17
Анан Барухтан: «Бизге айтчы деги, сен бул сөздөрдүн бардыгын анын оозунан кантип жазып алдың?» – деп сурашты.
18
Барух аларга: «Ал бул сөздөрдүн баарын мага өз оозу менен айтты, мен болсо аларды сыя менен бул түрмөк китепке жаздым», – деп жооп берди.
19
Ошондо төрөлөр Барухка: «Баргын, силердин кайда экениңерди эч ким билбеш үчүн, Жеремия да, сен да жашынгыла», – дешти.
20
Анан алар ак сарайдагы падышага жөнөштү, түрмөк китепти болсо падышанын катчысы Элишаманын бөлмөсүнө калтырышты. Алар бул сөздөрдүн баарын падышага угуза айтып беришти.
21
Падыша түрмөк китепти алып келүүгө Жейудини жиберди. Жейуди аны падышанын катчысы Элишаманын бөлмөсүнөн алып, падышага жана анын жанында турган бардык төрөлөргө угуза окуп берди.
22
Падыша ошол учурда, тогузунчу айда өзүнүн кышкы үйүндө отурган эле, анын алдында меш күйүп турган.
23
Жейуди үч-төрт тилке окугандан кийин, падыша аларды кагаз кескен маки менен кесип алып, отко таштай берди. Түрмөк китеп бүт бойдон мештеги отто күйүп бүткүчө ошентти.
24
Бул сөздөрдүн баарын уккан падыша да, анын бүт кызматчылары да коркушкан жок, кийимдерин айрышкан жок.
25
Элнатан, Делая жана Гемария падышадан китепти өрттөбөөнү өтүнүштү, бирок падыша алардын тилин алган жок.
26
Падыша падышанын уулу Жерехмейелге, Азриелдин уулу Сераяга жана Абдейелдин уулу Шелемияга Барух катчыны жана Жеремия пайгамбарды камакка алууну буйрук кылды. Бирок Теңир аларды жашырып койду.
27
Жеремиянын оозунан Барух жазып алган түрмөк китепти падыша өрттөп салгандан кийин, Жеремияга Теңирден сөз болуп, ага мындай деп айтылды:
28
«Өзүңө кайра башка түрмөк китеп ал, ага Жүйүт падышасы Жайаким өрттөгөн биринчи китепте жазылган мурунку сөздөрдүн баарын жаз.
29
Жүйүт падышасы Жайакимге болсо мындай деп айт: Теңир мындай дейт де: “Сен бул түрмөк китепти: "Бабыл падышасы сөзсүз келет, бул жерди талкалайт, андагы адамдар менен малдарды кырып жок кылат" деген сөздөрдү бул китепке эмне үчүн жаздың? – деп, өрттөп жибердиң.
30
Ошон үчүн Жүйүт падышасы Жайаким тууралуу Теңир мындай дейт: Анын тукумунан Дөөттүн тагына отурган адам болбойт, анын өлүгү күндүзгү аптапка, түнкү суукка ыргытылып ташталат.
31
Мен аны да, анын тукумун да, анын кызматчыларын да кылган жаман иштери үчүн жазалайм, Мен аларга, Иерусалимдин тургундарына жана Жүйүттүн адамдарына Өзүм айткан, бирок алар укпай койгон алааматтардын баарын каптатам”».
32
Ошондо Жеремия башка түрмөк китепти алып, Нейрия уулу Барух катчыга берди. Барух ага Жеремиянын оозунан Жүйүт падышасы Жайаким өрттөп жиберген китептеги сөздөрдүн баарын жазып алды. Ал сөздөргө мурунку сөздөргө окшогон сөздөр дагы кошумчаланды.
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 37 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52