bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 51
Jeremiah 51
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 50
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 52 →
1
Теңир мындай дейт: «Мына, Мен Бабылга жана анын арасында жашагандарга каршы Өзүмдүн душмандарымды көтөрөм.
2
Бабылга сапыруучуларды жиберем, алар аны учуруп жиберишет, анын жерин кыйратышат, анткени алаамат күнү ага бардык тараптан кол салышат.
3
Аткыч жаа тартканга жана өзүнүн калканы менен мактанганга каршы жаа тартсын. Анын уландарын аябагыла, анын бүт аскерин жок кылгыла.
4
Өлтүрүлгөндөр Каздим жеринде кулашсын, сайылгандар анын жолдоруна кулашсын».
5
Ысрайылдын Ыйыгынын алдында жери күнөөгө толсо да, Ысрайыл менен Жүйүт өздөрүнүн Себайот Кудай-Теңиринен ажырап жесир калган эмес.
6
Бабыл чөйрөсүнөн качкыла жана анын мыйзамсыздыгынан өлүп калбаш үчүн, ар бириңер өз жаныңарды сактагыла, анткени бул – Теңирдин өч ала турган мезгили, Ал анын ишине жараша жазасын берип жатат.
7
Бабыл Теңирдин колундагы бүт жерди мас кылган алтын чөйчөк болгон. Элдер андан шарап ичип, акылсыздык кылышкан.
8
Бабыл капыстан кулап, талкаланды. Ал үчүн боздоп ыйлагыла, анын жарааты үчүн бальзам алгыла, балким, ал айыгып кетер.
9
Бабылды биз дарыладык, бирок ал айыккан жок. Аны таштагыла, ар кимибиз өз жерибизге кетели, анткени ага чыгарылган өкүм асманга жетти, булутка чейин көтөрүлдү.
10
Теңир биздин акыйкаттыгыбызды жарыкка чыгарды. Жүргүлө, Сиондо Кудай-Теңирибиздин ишин жар салалы.
11
Жебелерди учтагыла, саадактарды жебеге толтургула. Теңир Мадай падышаларынын рухун козгоду, анткени Анын Бабылды жок кылам деген ою бар. Анткени бул – Теңирдин өчү, Теңирдин ийбадатканасы үчүн өч алуу.
12
Бабыл дубалдарына каршы туу көтөргүлө, күзөтүүнү күчөткүлө, күзөтчүлөрдү орду-ордуна койгула, буктурмаларды даярдагыла, анткени Теңир Бабылдын тургундары жөнүндө эмнени ойлосо, эмнени айтса, ошону аткарат.
13
Оо, сен, улуу дарыялардын жээгинде жашаган, көп байлыктардын ээси! Сенин күнүң бүттү, сараңдыгың чегине жетти!
14
Себайот Теңир Өзү менен ант берди: «Чынында эле, Мен сени чегирткедей сансыз элге толтурам, алар сага каршы согуш ураанын көтөрүшөт».
15
Ал жерди Өзүнүн кудурети менен жараткан, ааламды Өзүнүн даанышмандыгы менен орноткон, асманды Өзүнүн акылы менен жайган.
16
Анын үнүнөн асмандагы суулар күрүлдөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды чыгарат, жамгыр жаап жатканда, чагылган жаратат, Өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.
17
Ар бир адам өзүнүн билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өзү жасаган бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени анын бурканы – жалган, анын ичинде рух жок.
18
Ал – эч нерсеге арзыбаган нерсе, адашкандын иши. Алар өздөрүнүн жазалана турган мезгили келгенде жок болушат.
19
Жакыптын үлүшү алардыкындай эмес, анткени анын Кудайы – баарын жараткан Кудай, Ысрайыл болсо Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.
20
«Сен Менин балкамсың, согуштук куралымсың. Мен сени менен элдерди кыйраткам, сени менен падышачылыктарды жок кылгам.
21
Мен сени менен анын аттарын жана атчан аскерлерин кыйраткам, сени менен анын майдан арабаларын жана араба айдоочуларын кыйраткам.
22
Сени менен эркегин да, аялын да өлтүргөм. Сени менен карысын да, жашын да өлтүргөм, сени менен уланын да, кызын да өлтүргөм.
23
Сени менен койчуну да, анын койлорун да кыйраткам, сени менен дыйканды да, анын жумушчу малын да кыйраткам, сени менен дубан башчыларын да, шаар башчыларын да өлтүргөм.
24
Мен силердин көз алдыңарда Бабылды жана бүт Каздим тургундарын, алардын Сиондо кылган бардык кыянат иштери үчүн жазалайм, – дейт Теңир.
25
Мен сага каршымын, бүт жерди ойрон кылуучу тоо, – дейт Теңир, – ойрон кылуучу, Мен сага каршы колумду сунам, сени аскадан кулатам, сени өрттөлгөн тоого айлантам.
26
Ошондо сенден бурч үчүн да таш алышпайт, пайдубал үчүн да таш алышпайт, түбөлүккө ээн каласың», – дейт Теңир.
27
Жерде туу көтөргүлө, элдер арасында сурнай тарткыла, элдерди ага каршы куралдандыргыла, Арарат падышачылыгын, Мини падышачылыгын, Ашкыназ падышачылыгын ага каршы чакыргыла, ага каршы аскер башчы койгула, аттарды кылдуу чегирткедей каптаткыла.
28
Элдерди, Мадай падышаларын, анын дубан башчыларын, анын бүт шаар башчыларын, ага караштуу бардык жерди ага каршы куралдандыргыла.
29
Жер солкулдап, титиреп жатат, анткени Теңирдин Бабыл жерин эл жашабаган чөлгө айландырам деген ниети орундалып жатат.
30
Бабылдын күчтүү жоокерлери согушканын токтотушту, өз чептеринде отурушат. Алардын күчү кетти, аялдардай болуп калышты, алардын үйлөрү өрттөлүп, кулпулары талкаланды.
31
Бабыл падышасына анын шаары бардык тарабынан алынганын кабарлаш үчүн, чабармандын артынан чабарман, кабарчынын артынан кабарчы чуркап бара жатат.
32
Кечүүлөр басылып алынды, тосмолор өрттөлдү, жоокерлер коркунуч менен жеңилишти.
33
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Бабыл кызы дан бастырылып жаткан кырманга окшош, бир аз убакыттан кийин анын оруу-жыюу мезгили келет».
34
«Мени Бабыл падышасы Небухаданасар жеди, мүлжүдү, бош идишке айлантты, мени ажыдаардай жутту, өзүнүн курсагын менин эң жакшы нерселериме толтурду, мени бүркүп ыргытты.
35
Менин таарынычым да, менин денем да Бабылдын мойнунда, – дейт Сиондун тургуну. Менин каным Каздим тургундарынын мойнунда», – дейт Иерусалим.
36
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сенин ишиң үчүн болушам, сен үчүн өч алам. Анын деңизин какшытам, анын булактарын соолутам.
37
Ошондо Бабыл үйүлгөн урандыга, чөөлөрдүн түнөгүнө айланат, үрөй учурган, шылдыңга калган жана эл жашабаган жер болот.
38
Алардын бардыгы арстандай айкырышат, арстандын күчүктөрүндөй ырылдашат.
39
Алар кызыган кезде, Мен аларга той өткөрүп, мас болгуча ичирем. Алар көңүл ачып, түбөлүк уйку менен уктап, ойгонбошу үчүн ушундай кылам, – дейт Теңир.
40
Аларды союлуучу козулардай, кочкор менен текелердей айдап түшүрөм.
41
Шейшак кандай алынды, жер жүзүнүн сыймыгы кандай жеңилди! Элдер арасында Бабыл кандай үрөй учурарлык болду!
42
Бабылга каршы деңиз көтөрүлдү, ал анын сансыз толкундарынын астында калды.
43
Анын шаарлары чөлгө, какшыган жерге, ээн талаага, эч ким жашабаган жерге, адам баласы өтпөгөн жерге айланды.
44
Бабылдагы Белди жазалайм, анын жутканын оозунан чыгартам, ошондон кийин ага элдер агылып келбей калат, атүгүл, Бабылдын дубалдары да кулайт.
45
Менин элим, анын чөйрөсүнөн чык, ар бириңер өз жаныңарды Теңирдин жалындаган каарынан сактагыла.
46
Жүрөгүңөр алсырабасын, жер үстүндө угула турган кабардан коркпогула. Кабар бир жылы келет, кийинки жылы дагы бир кабар келет, жер үстүндө зордук-зомбулук болот, өкүмдар өкүмдарга каршы көтөрүлөт.
47
Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Бабылдын буркандарын жазалайм, анын бүткүл жери маскара болот, ал жерге анын өлтүрүлгөндөрүнүн баары кулайт.
48
Ошондо Бабылдын кулаганына асман менен жер жана аларда болгондун бардыгы сүйүнөт, анткени ага түндүк тараптан кыйратуучулар келет, – дейт Теңир.
49
Бабыл жеңилген ысрайылдыктарды кандай кулатса, бүт өлкөдөгү жеңилгендер да Бабылда ошондой кулайт».
50
Кылычтан аман калгандар, кеткиле, токтобогула, Теңир жөнүндө алыстан эстегиле, Иерусалим силердин жүрөгүңөргө кирсин.
51
Жаман сөздөрдү укканда, биз уят болгонбуз. Бөтөн жерликтер Теңир үйүнүн ыйык жайына киришкенде, бетибизге маскаралык жабылган.
52
«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен анын буркандарын жазалайм, анын бүт жеринде жарадар болгон адамдар онтошот.
53
Бабыл асманга чейин көтөрүлсө да, өз сепилин бийиктикке орнотсо да, Менден ага каршы кыйратуучулар келет», – дейт Теңир.
54
Бабылдан өкүрүк угулуп жатат, Каздим жеринен чоң бүлгүн-чапкын угулуп жатат.
55
Анткени Теңир Бабылды ээн калтырып, анын ичиндеги текебер үндү токтотот. Алардын толкундары чоң суулардай күрпүлдөйт, алардын шуулдаган үнү жаңырат.
56
Анткени ага – Бабылга каршы, кыйратуучу келет, анын каарман жоокерлери колго түшөт, алардын жаалары кыйрайт, анткени Кудай – тиешесин берүүчү Теңир, Ал сөзсүз тиешесин берет.
57
«Анын төрөлөрүн, анын даанышмандарын, анын дубан башчыларын, анын шаар башчыларын, анын жоокерлерин мас болгончо ичирем, ошондо алар түбөлүккө уктап калышат, ойгонушпайт», – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.
58
Себайот Теңир мындай дейт: «Бабылдын калың дубалдары пайдубалдарына чейин урайт, анын бийик дарбазалары өрттөлөт. Элдер бекер эмгектеништи, уруулар өздөрүн от үчүн кыйнашты».
59
Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын төртүнчү жылында Махсея уулу, Нейрия уулу Серая Ситкия менен Бабылга жөнөп бара жатканда, ага Жеремия пайгамбар тапшырган сөз. Серая падышанын башкы орун даярдоочусу болгон.
60
Бабыл жөнүндө, аны кандай алаамат каптары жөнүндө жазылган бул сөздөрдүн бардыгын Жеремия бир китепке жазып койду.
61
Ошондо Жеремия Сераяга мындай деди: «Сен Бабылга барганда, бул сөздөрдүн баарын сөзсүз окуп бер.
62
Анан мындай де: “Теңир! Сен бул жерди толугу менен кыйратарыңды: ал жерде адам да, мал да калтырбай, аны түбөлүк чөлгө айлантарыңды айткансың”.
63
Анан бул китепти окуп бүткөндөн кийин, ага таш байлап туруп, Эфрат дарыясынын ортосуна ыргытып жибер,
64
анан мындай де: “Бабыл ушинтип чөгөт, ал Мен ага каршы каптаткан алааматтан кайра турбайт, ал таптакыр алсырап калат”». Буга чейин Жеремиянын сөзү.
← Chapter 50
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 52 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52