bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 11
Jeremiah 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 12 →
1
Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2
«Мына бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла, Жүйүттүн эркектерине жана Иерусалимдин тургундарына айткыла.
3
Аларга мындай деп айт: Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: “Бул келишимдин сөздөрүн укпай койгон адамга каргыш тийсин.
4
Ал келишимди Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен, темир мештен алып чыкканда, аларга: "Менин үнүмдү уккула жана Мен силерге эмнени буйрусам, ошонун баарын аткаргыла, ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом", – деп бергем.
5
Бул азыр ишке ашып отургандай, бал менен сүт аккан жерди берем деп, силердин ата-бабаларыңарга берген Өзүмдүн антымды аткарыш үчүн, мен ушундай кылдым”». Ошондо мен жооп кылып: «Оомийин, Теңир!» – дедим.
6
Анан Теңир мага мындай деди: «Бул сөздөрдүн баарын Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө жарыя кылып айт: “Бул келишимдин сөздөрүнө кулак салгыла жана аларды аткаргыла.
7
Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин, дайыма эскертип келгем. Аларга таң заардан: "Менин үнүмдү уккула!" – деп эскертип келгем.
8
Бирок алар угушкан жок, кулак салышкан жок, тескерисинче, ар кимиси өзүнүн жаман жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жүрдү. Ошондуктан Мен ушул келишимде айтылгандардын баарын алардын башына түшүрдүм. Мен буларды аткаргыла деп буйругам, бирок алар аткарышкан жок”».
9
Теңир мага мындай деди: «Жүйүттүн эркектери менен Иерусалимдин тургундары уюшуп чыккынчылык кылганы жатышат.
10
Алар кайрадан Менин сөздөрүмдү угуудан баш тарткан ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарына бурулуп кетишти, башка кудайларга кызмат кылып, ошолордун артынан кетишти. Ысрайыл менен Жүйүт Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушту».
11
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларга кайгы каптатам, алар андан кутула алышпайт. Алар Мени чакырганда, аларды укпайм.
12
Ошондо Жүйүттүн шаарлары менен Иерусалимдин тургундары барып, өздөрү жыпар жыттуу зат түтөткөн жасалма кудайларын чакырышат. Бирок ал жасалма кудайлар алардын башына кайгы түшкөндө, эч кандай жардам беришпейт.
13
Анткени, Жүйүт, сенин канча шаарың болсо, ошончо жасалма кудайың бар, Иерусалимде канча көчө болсо, өзүңөрдү уятка калтыра турган ошончо курмандык чалынуучу жайды – Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн курмандык чалынуучу жайды орнотуп алдыңар.
14
Сен болсо бул эл үчүн суранба, алар үчүн сыйынба, жалынба, анткени алардын башына кырсык түшүп, Мени чакырганда, Мен аларды укпайм.
15
Менин үйүмдө көп жаман иштер болуп жатканда, Менин сүйүктүүмө ал жерде эмне керек? Ыйык эттер да сага жардам бербейт, анткени сен жамандык кылып кубанып жатасың.
16
Теңир сени көгөрүп турган, жакшы жемиштери менен мактанып турган зайтун дарагы деп атады эле. Азыр болсо катуу дүрбөлөңдүн ызы-чуусунда Теңир анын тегерегине от жалындатты, анын бутактары кыйрады.
17
Сени отургузган Себайот Теңир Ысрайыл менен Жүйүттүн кыянаттыгы үчүн сенин башыңа мүшкүл түшөрүн айтты. Буга өздөрү себепкер болду, алар Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп Мени каардантышты».
18
Теңир мага ачып берди, мен билем. Сен мага алардын иштерин көрсөттүң.
19
Мен болсо союуга жетеленип бара жаткан момун козудаймын, алардын мага каршы ойлоп жаткан жаман ойлорун билген эмесмин. Алар: «Анын ысымы да мындан ары эскерилбеши үчүн, анын тамагына уулуу жыгач кошуп, аны тирүүлөр жашаган жерден жок кылабыз», – дешкен.
20
Бирок, Теңир Себайот, адамдын жүрөгү менен ичин сынаган адилеттүү Сот! Өзүңдүн алардан өч алганыңды мага көрсөт, анткени мен өз ишимди Сага ишенип тапшырдым.
21
«Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылба, болбосо биздин колубуздан өлөсүң», – деп, сени өлтүргүсү келген Анатоттун эркектери жөнүндө Теңир мындай дейт:
22
Ошондуктан Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен аларды жазалаймын: алардын жигиттери кылычтан кырылат, алардын уулдары менен кыздары ачкадан өлүшөт.
23
Алардан калдык да калбайт, анткени аларды жазалай турган жыл келгенде, Мен Анатоттун эркектеринин башына мүшкүл түшүрөм».
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52