bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 18
Jeremiah 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 19 →
1
Жеремияга Теңирден болгон сөз:
2
«Тур, карапачынын үйүнө түш, ошол жерде Мен сага Өзүмдүн сөздөрүмдү айтам».
3
Ошондо мен карапачынын үйүнө түштүм, ал карапа жасаган тегерек куралда өз ишин жасап жатыптыр.
4
Карапачы топурактан жасап жаткан идиш анын колунда бузулуп калды. Ошондо ал кайрадан ошол топурактан өзү каалаган башка бир идиш жасады.
5
Ошондо мага Теңирден сөз болду:
6
«Ысрайыл, Мен силерге ушул карапачы кылгандай кыла албайт бекем? – дейт Теңир. – Карапачынын колунда топурак кандай болсо, силер да Менин колумда ошондойсуңар, Ысрайыл.
7
Кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө анын тамырын жулам, талкалайм, жок кылам деп айтам.
8
Бирок Мен айткан ошол эл өзүнүн жаман иштеринен баш тартса, Мен аларга жамандык кылам деген оюмдан кайтам.
9
Ал эми кээде Мен кайсы бир эл же падышачылык жөнүндө аны орнотом жана бекемдейм деп айтам.
10
Бирок алар Менин көз алдымда жамандык кылып, Менин үнүмдү укпай турган болсо, Мен аларга ырайым кылам деген оюмдан кайтам.
11
Ошондуктан Жүйүттүн адамдарына жана Иерусалимдин тургундарына айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге жамандык даярдап жатам, силерге каршы жамандык ойлоп жатам. Ошондуктан ар бириңер өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула, жолдоруңарды жана иштериңерди оңдогула”.
12
Бирок алар мындай деп айтышат: “Yмүт кылба, биз өзүбүздүн оюбуз боюнча жашайбыз, ар бирибиз жаман жүрөгүбүздүн өжөрлүгү боюнча иш кылабыз”».
13
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Элдер арасынан сурагыла, ушундай нерсени уккан адам бар бекен? Ысрайыл кызы өтө жийиркеничтүү иштерди кылды.
14
Лебанон тоосунун чокусунан кар кетеби? Башка жерлерден аккан муздак суулар соолуп калабы?
15
Менин элим болсо Мени таштап кетти. Алар жалган кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, өз жолдорунда мүдүрүлүштү, салынбаган жол менен жүрүш үчүн,
16
өздөрүнүн жерин көргөн элдин үрөйүн учурган жер кылыш үчүн, түбөлүк шылдыңга калтырыш үчүн, байыркы жолдорун ташташты. Ошондуктан ал жер менен өткөн ар бир адам таң калып, башын чайкайт.
17
Аларды чыгыш шамалы сыяктуу душмандын көз алдында сапырам. Башына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбастан, аркамды салам».
18
Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы жаман ой түзөбүз, анткени ыйык кызмат кылуучунун мыйзамы, акылмандын кеңеши, пайгамбардын сөзү жоголо элек. Келгиле, аны тилибиз менен өлтүрүп, сөзүн укпай коёбуз», – деп айтышты.
19
Мени ук, Теңир, менин душмандарымдын үнүн ук.
20
Жакшылыкка жамандык кылса болобу? Алар болсо менин жаным үчүн ор казып жатышат. Алар жөнүндө жакшы нерсе айтыш үчүн, Сенин каарыңды алардан кайт кылдырыш үчүн, Өзүңдүн алдыңда турганымды эстегин.
21
Ошондуктан алардын балдарын ачарчылыкка калтыр, аларды кылыч менен кыр. Алардын аялдары баласыз калышсын, жесир калышсын, күйөөлөрү өлүмгө берилсин, уландары майданда кылычтан кырылсын.
22
Сен аларга күтүлбөгөн жерден аскерлерди каптатканда, алардын үйлөрүнөн өкүрүк угулуп турсун. Анткени алар мени колго түшүрүш үчүн, ор казып жатышат, буттарым үчүн жашыруун тузак тартып коюшту.
23
Бирок Сен, Теңир, алардын мени өлтүрүш үчүн ойлогон бардык ойлорун билесиң. Алардын анткорлугун кечирбе, алардын Сенин алдыңдагы күнөөсүн унутпа. Алар Сенин алдыңда кулатылсын. Аларды Өзүң каарданып жатканда жазала.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52