bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 42
Jeremiah 42
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 41
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 43 →
1
Анан бардык аскер башчылар, Карейах уулу Жаканан, Ошая уулу Жазания, бардык эл, кичинесинен чоңуна чейин келди.
2
Алар Жеремия пайгамбарга мындай дешти: «Сенин алдыңа алып келген биздин өтүнүчүбүзгө кулак сал, биз үчүн жана мына бул элдин калдыгы үчүн Кудай-Теңириңе сыйын, анткени бизди өзүң көрүп тургандай, биз көп элек, аз калдык.
3
Сенин Кудай-Теңириң бизге кайсы жол менен жүрүүнү жана эмне кылууну көрсөтсүн».
4
Ошондо Жеремия пайгамбар аларга: «Угуп жатам, силердин сөзүңөр боюнча силердин Кудай-Теңириңерге сыйынам, Теңир силер жөнүндө эмне деп жооп берсе, ошонун бардыгын айтам, силерден бир да сөз жашырбайм», – деди.
5
Алар Жеремияга мындай дешти: «Эгерде биз сенин Кудай-Теңириң сени бизге эмне деп жиберсе, ошону так аткарбасак, анда Теңир бизге каршы ишенимдүү, чыныгы күбө болсун.
6
Ал жакшы болобу, жаман болобу, биз сени жиберип жаткан Кудай-Теңирибиздин үнүн угабыз. Кудай-Теңирибиздин тилин алсак, бизге жакшы болот».
7
Арадан он күн өткөндөн кийин, Жеремияга Теңирден сөз болду.
8
Жеремия өзүнө Карейах уулу Жакананды жана аны менен жүргөн бардык аскер башчыларды, бүт элди, кичинесинен чоңуна чейин чакырып алып,
9
аларга мындай деди: «Силер мени өзүңөрдүн өтүнүчүңөр жөнүндө сыйын деп жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:
10
“Эгерде силер бул жерде кала турган болсоңор, анда Мен силерди жайгаштырам, талкалабайм, силерди отургузам, жок кылбайм, анткени Мен силерге каптаткан алааматым жөнүндө өкүнүп жатам.
11
Силер Бабыл падышасынан коркуп жатасыңар, андан коркпой эле койгула, андан коркпогула, – дейт Теңир, – анткени силерди сакташ үчүн, силерди анын колунан куткарып алыш үчүн, Мен силер мененмин.
12
Мен силерге ырайым кылам, ошондо ал силерге ырайым кылып, силерди өз жериңерге кайтарып жиберет”.
13
Эгерде силер: “Бул жерде жашагыбыз келбейт”, – деп, Кудай-Теңириңердин үнүн укпай:
14
“Жок, биз Мисир жерине кетебиз, ал жерде согуш дегенди көрбөйбүз, сурнай үнүн укпайбыз, ачка болбойбуз, ошол жерде жашайбыз”, – дей турган болсоңор,
15
анда азыр, силер, Жүйүттүн калдыгы, Теңирдин сөзүн уккула: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Эгерде силер Мисирге кетүүнү биротоло чечкен болсоңор, ал жерге жашаганы барсаңар,
16
анда силер корккон кылыч силерге ошол жерде, Мисир жеринде жетет, силер корккон ачкачылык да силерди ошол жерде, Мисирде дайыма ээрчип жүрөт, ошол жерде өлөсүңөр.
17
Мисирде жашаш үчүн, ошол жакка кетүүнү чечкендердин баары кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырылат, алардын бири да калбайт, Мен аларга каптаткан алааматтан алардын бири да кутулбайт”.
18
Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Менин каарым менен ачуум Иерусалим тургундарына кандай төгүлсө, Мисирге барганыңарда силерге да ошондой төгүлөт. Силер каргышка калып, силерди көргөн элдин үрөйлөрү учат, жаманатты жана шылдың болосуңар, ошондон кийин бул жерди көрбөйсүңөр”.
19
Силерге, Жүйүттүн калдыгы, Теңир айтып жатат: “Мисирге барбагыла, мен силерге азыр эскертип жатканымды билгиле”.
20
Анткени силер өзүңөргө каршы күнөө кылдыңар: силер мени Кудай-Теңирибизге мындай деп жибердиңер: “Биз үчүн Кудай-Теңирибизге сыйын, Кудай-Теңирибиз эмне десе, ошонун баарын айт, биз аны аткарабыз”.
21
Мен силерге бүгүн айттым, бирок силер Кудай-Теңирибиздин үнүн укпай койдуңар, Ал мени силерге эмне деп жиберсе, ошонун баарын укпай койдуңар.
22
Ошондуктан билип койгула, жашаш үчүн баргыңар келген жерде кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырыласыңар».
← Chapter 41
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 43 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52