bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 26
Jeremiah 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 27 →
1
Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын башталышында Теңирден мындай сөз болду:
2
«Теңир мындай дейт: “Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, Жүйүт аймагынын шаарларынан Теңир үйүндө таазим кылууга келгендердин бардыгына айт деп, Мен сага буйруган баягы сөздөрдүн баарын айт, бир да сөздү кемитпе.
3
Балким, алар угушар, ар бири өзүнүн жаман жолунан бурулар, ошондо Мен алардын жаман иштери үчүн алаамат каптатам деген оюмдан кайтам.
4
Ошон үчүн аларга айт: Теңир мындай дейт: "Эгерде силер Мен берген мыйзам боюнча жүргүңөр келбесе, Менин тилимди албай турган болсоңор,
5
Мен силерге таң заардан жиберген Менин кулдарымдын – пайгамбарларымдын сөздөрүнө кулак салбай турган болсоңор (аларды силер укпай жатасыңар),
6
анда Мен Шилону кандай кылсам, бул үйдү ошондой кылам, бул шаарды болсо жердеги бардык элдерге маскара кылдырам"”».
7
Жеремия бул сөздөрдү Теңир үйүндө айтып жатканда, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл угуп турушту.
8
Жеремия Теңирдин ага бүт элге айт деп буйруган сөздөрүнүн бардыгын айтып бүткөндө, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл аны кармап алып: «Сен өлүшүң керек.
9
Эмне үчүн сен Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылып: “Бул үй Шилодой болот, бул шаар кыйрап, ээн калат”, – деп айтып жатасың?» – дешти. Бүт эл Жеремияга каршы Теңир үйүнө чогулду.
10
Бул тууралуу Жүйүт төрөлөрү угушканда, алар падыша үйүнөн чыгып, Теңир үйүнө келип, Теңир үйүнүн жаңы дарбазасынын алдына отурушту.
11
Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарлар төрөлөргө жана бүт элге: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын, анткени анын бул шаарга каршы пайгамбарчылык кылганын өз кулагыңар менен уктуңар!» – дешти.
12
Ошондо Жеремия бүт төрөлөргө жана бүт элге мындай деди: «Бул үй жөнүндө жана бул шаар жөнүндө силер уккан сөздөрдү пайгамбарчылык кылып айт деп, мени Теңир жиберди.
13
Ошондуктан өз жолуңарды жана кылган иштериңерди оңдогула, Кудай-Теңириңердин үнүн уккула, ошондо Теңир силерге айткан алааматын токтотот.
14
Мен болсо, мына, силердин колуңардамын. Көзүңөргө эмне жакшы, эмне адилеттүү көрүнсө, мага ошону кылгыла.
15
Бирок билип койгула: эгерде силер мени өлтүрсөңөр, анда жазыксыз канды өзүңөрдүн мойнуңарга жана бул шаардын, анын тургундарынын мойнуна жүктөп аласыңар, анткени ушул сөздөрдүн бардыгын силердин кулагыңарга айтыш үчүн, чындыгында, мени Теңир жиберди».
16
Ошондо төрөлөр жана бүт эл ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарларга: «Бул адамды өлүм жазасына тартканга болбойт, анткени ал бизге Кудай-Теңирибиздин атынан сүйлөдү», – дешти.
17
Ошондой эле бул жердин аксакалдарынын кээ бирөөлөрү ордунан туруп, жыйналган бүт элге кайрылып, мындай дешти:
18
«Жүйүт падышасы Хискиянын тушунда морейшилик Михей пайгамбарчылык кылып, бүт жүйүт элине: “Себайот Теңир мындай дейт: "Сион талаа айдалгандай айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, бул үй турган тоо токойлуу дөңсөөгө айланат"”, – деген.
19
Ошон үчүн аны Жүйүт падышасы Хиския менен бүт жүйүт эли өлтүрдү беле? Хиския Теңирден корккон жок беле, Теңирге жалынган жок беле? Ошондо Теңир аларга айткан алааматын токтоткон. Биз болсо өз жаныбызга зор кыянаттык кылганы жатабыз.
20
Ошондой эле кирийат-жаримдик Шемаянын уулу Урий деген адам да Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылган, ал бул шаарга жана бул жерге каршы пайгамбарчылык кылып, так эле Жеремия айткан сөздөрдү айткан.
21
Анын сөздөрүн Жайаким падыша төрөлөрү, мырзалары менен укканда, ал аны өлтүргүсү келген. Бул кабарды уккан Урий коркуп, Мисирге качып кеткен.
22
Бирок Жайаким падыша Мисирге да кишилерин жиберген: Акбар уулу Элнатанды жана ага кошуп башка кишилерди жиберген.
23
Алар Урийди Мисирден алып чыгып, Жайаким падышага алып келишкен, ал аны кылычтап өлтүрүп, анын сөөгүн карапайым элдин көрүстөнүнө ыргытып жиберген».
24
Бирок Сапан уулу Акикамдын колу Жеремия тарапта болуп, аны элдин колуна өлтүргөнгө берген жок.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52