bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 9
Jeremiah 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 10 →
1
О, менин башыма сууну, көзүмө жаштын булагын ким берет? Мен өз элимдин өлтүрүлгөн кызын жоктоп, күнү-түнү ыйлар элем.
2
О, чөлдө мага кимдир бирөө жолоочулар үчүн баш калкалай турган жай берсе кана! Анда мен өз элимди таштап, алардан кетер элем, анткени алардын баары – бузулган адамдар, ишенимсиздердин тобу.
3
«Жалган айтуу үчүн тилдерин жаадай тартышат, жерде жалган иштери менен күч алып бара жатышат, анткени бир жамандыктан экинчи жамандыкка өтүшөт, Мени билишпейт», – дейт Теңир.
4
Ар бириңер өз досуңардан сактангыла, бир туугандарыңардын ичинен эч кимисине ишенбегиле, анткени бир тууган бир тууганына тоскоолдук коёт, ар бир дос ушак таратат.
5
Ар ким өз досун алдайт, чындыкты айтпайт. Өз тилдерин калп айтууга үйрөтүшөт, чарчаганча анткорлонушат.
6
«Сен эки жүздүүлүктүн арасында жашап жатасың. Эки жүздүүлүктөн улам алар Мени билгенден баш тартышат», – дейт Теңир.
7
Ошондуктан Себайот Теңир мындай деп жатат: «Мына, Мен аларды эритем, сынайм, анткени Мен Өз элимдин кызына башка эмне кылам?
8
Алардын тили – өлтүрө турган жебе, эки жүздүү сүйлөйт. Ооздору менен жакынына досторчо сүйлөшөт, ал эми жүрөктөрүндө ага кишен даярдашат.
9
Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албасын?
10
Тоолор үчүн ыйлайм, өкүрөм, талаадагы жайыттар үчүн боздоп ыйлайм, анткени алар өрттөнүп кетти, ал жерден эч ким өтпөйт, койлордун маараганы угулбайт: асмандагы канаттуулардан тартып жердеги жаныбарларга чейин – бардыгы туш-тушка чачырап кетишти.
11
Иерусалимди таштын үймөгү, чөөлөрдүн ийини кылам, Жүйүт аймагынын шаарларын эч ким жашабаган чөл кылам».
12
Муну түшүнгөн даанышман бар бекен? Теңир сүйлөшө турган адам барбы? Ал өлкө эмне үчүн кыйраганын, эмне үчүн чөлгө окшоп ээн калганын, ошон үчүн ал аркылуу эч ким өтпөй калганын түшүндүрүп берсин.
13
Теңир мындай деди: «Алар Менин алар үчүн чыгарган мыйзамымды таштап коюшту, Менин үнүмдү угушкан жок, аны менен жүрүшкөн жок.
14
Тескерисинче, жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жүрүштү жана ата-бабалары үйрөткөндөй, Баалдын артынан жүрүштү.
15
Ошон үчүн Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: Мына, Мен аларга, бул элге, эрмен жедирем, өт кошулган суу ичирем.
16
Аларды өздөрү да, ата-бабалары да билбеген элдердин арасына чачыратып жиберем, аларды жок кылмайынча, артынан кылыч жиберем».
17
Себайот Теңир мындай дейт: «Ойлонгула, кошокчуларды чакыргыла, алар келишсин. Бул ишке мыкты кошокчуларды чакырткыла, алар келишсин».
18
Алар тез келишсин, биз тууралуу ыйлашсын, биздин көздөрүбүздөн жаш куюлсун, кирпиктерибизден суу аксын.
19
Анткени Сиондон ыйдын үнү угулуп жатат: «Биз кандай тонолдук! Биз ырайымсыз маскара болдук, анткени биз жерибизди таштап кетип жатабыз, анткени биздин турак-жайларыбызды кыйратышты».
20
Ошондуктан, аялдар, Теңирдин сөзүн уккула, кулагыңар Анын оозунан чыккан сөздөрдү уксун. Кыздарыңарды ыйлаганга үйрөткүлө, бири-бириңерге кошок үйрөткүлө.
21
Анткени өлүм балдарыбызды көчөдөн, уландарыбызды аянттан кырыш үчүн, терезелерибизден кирип келди, ак сарайларыбызга кирип келди.
22
«Аларга айт: Теңир мындай дейт: “Адамдардын өлүктөрү талаадагы кыктай, орокчунун артындагы боодой кулайт, аларды жыйнаганга эч ким чыкпайт.
23
Теңир мындай дейт: Акылман акылына мактанбасын, күчтүү күчүнө мактанбасын, бай байлыгына мактанбасын.
24
Бирок мактана турган адам Менин жер үстүндө ырайымдуулукту, акыйкаттыкты жана чындыкты жараткан Теңир экенимди түшүнгөнү менен, билгени менен мактансын. Анткени Мага ушул гана жагат, – дейт Теңир.
25
Мына, сүннөткө отургузулгандардын жана сүннөткө отургузулбагандардын бардыгын:
26
Мисир менен Жүйүт аймагын, Эдом менен Амондун уулдарын, Маапты жана чекесиндеги чачын кырктырып жүргөндөрдүн бардыгын, чөлдө жашагандарды жазалай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Анткени бул элдердин бардыгы – сүннөткө отургузулбаган элдер, ал эми бүтүндөй Ысрайылдын жүрөгү сүннөтсүз”».
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52