bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 24
Jeremiah 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 25 →
1
Теңир мага Теңирдин ийбадатканасынын алдына коюлган анжыр салынган эки себетти көрсөттү. Бул Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахинди жана жыгач усталары, темир усталары менен Жүйүт төрөлөрүн туткундап, Иерусалимден Бабылга алып келгенден кийин болду.
2
Бир себетте өтө жакшы, эрте бышуучу анжыр мөмөлөрү, экинчи себетте жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган, өтө жаман анжыр мөмөлөрү бар экен.
3
Ошондо Теңир менден: «Сен эмнени көрүп турасың, Жеремия?» – деп сурады. Мен: «Жакшы анжырлар өтө жакшы экен, ал эми жаман анжырлар өтө жаман экен, ошон үчүн аларды жегенге болбойт, анткени алар эң жаман», – дедим.
4
Ошондо Теңирден мага сөз болду:
5
Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен Өзүм бул жерден каздимдердин жерине жиберген жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм.
6
Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга назар салам, аларды бул жерге кайра алып келем. Мен аларды тургузам, аларды бүлүндүрбөйм, Мен аларды отургузам, алардын тамырын кыйбайм.
7
Мен аларга Менин Теңир экенимди биле турган жүрөк берем, ошондо алар Менин элим болушат, Мен болсо алардын Кудайы болом. Анткени алар Мага чын жүрөктөн кайрылышат».
8
Ал эми жараксыз болгондуктан жегенге болбой турган жаман анжырлар тууралуу Теңир мындай дейт: «Мен Жүйүт падышасы Ситкияны жана анын төрөлөрүн, бул жерде калган жана Мисир жеринде жашаган Иерусалим тургундарын ушундай кылам.
9
Мен кууп жиберген бардык жерлерде алардан четтешет, аларга жамандык кылышат, алар лакап болушат, каргышка калышат.
10
Мен аларды өздөрүнө жана ата-бабаларына берген жерден жок кылмайынча, аларга каршы кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору жиберем».
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52