bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 46
Jeremiah 46
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 45
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 47 →
1
Теңирден Жеремияга бутпарас элдер жөнүндө болгон сөз:
2
Мисир жөнүндө, Эфрат дарыясынын жээгиндеги Каркемиштеги Мисир падышасы Нехо фараондун аскерлери жөнүндө. Ал аскерлерди Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында талкалаган.
3
«Калкандарыңарды, найзаларыңарды камдагыла, анан салгылашка киргиле.
4
Атчан аскерлер, аттарыңарды токуп мингиле, туулгаңарды кийип, катарга тургула, найзаңарды курчуткула, соотуңарды кийгиле!
5
Мен эмнени көрүп турам? Алар коркуп, артка бурулушту. Алардын күчтүүлөрү жеңилип, артын карабай качып бара жатышат. Бардык тараптан коркунуч, – дейт Теңир.
6
Күлүктөр качып кете албайт, эр жүрөк кутула албайт. Алар түндүктө, Эфрат дарыясынын жанында, мүдүрүлүп кулашат.
7
Дарыядай көтөрүлүп жаткан бул ким? Суулары агын суулардай долуланып жаткан бул ким?
8
Бул – дарыядай көтөрүлүп жаткан Мисир, анын суулары агын суулардай долуланып жатат. Ал мындай деп жатат: “Мен көтөрүлүп, жерди каптап, шаарды жана анда жашагандарды жок кылам”.
9
Аттарга мингиле, силер да, арабачандар, зымырап жөнөгүлө! Каарман жоокерлер: калкан көтөргөн Эфиопия менен Пут, жаа кармап, жебе тарткан луттуктар, майданга чыккыла.
10
Анткени бул күн – Себайот Кудай-Теңирдин Өзүнүн душмандарынан өч ала турган өч алуу күнү. Кылыч баарын жеп салат, тоюнат, алардын канын аябай ичип мас болот, анткени бул түндүк жериндеги, Эфрат дарыясынын жээгиндеги, Себайот Кудай-Теңирге арналган курмандык чалуу болот.
11
Кыз, Мисир кызы, Гилатка барып, бальзам ал. Сенин көп дары-дармек колдонгонуң бекер, сен үчүн айыгуу жок.
12
Элдер сенин маскара болгонуңду угушту, өкүрүгүң жер бетин толтурду, анткени күчтүү менен күчтүү кагышты, экөө тең жерге кулады».
13
Теңирдин Жеремия пайгамбарга Бабыл падышасы Небухаданасардын Мисир жерин кыйратыш үчүн, кол салары жөнүндө айткан сөзү:
14
«Мисирде жар салгыла жана Мигдолдо билдиргиле, Ноп менен Такпанкесте да билдиргиле: “Катарга тур, камдан, анткени сенин тегерегиңдегилерди кылыч жеп жатат”, – деп айткыла.
15
Сенин күчтүүң эмне үчүн кулады? Ал туруштук берген жок, анткени аны Теңир кулатты.
16
Ал кулагандарды көбөйттү, атүгүл, биринин үстүнө бири кулап, мындай дешти: “Тур, кыйраткыч кылычтан качып, өз элибизге, туулган жерибизге кайталы”».
17
Ал эми ал жерде: «Мисир падышасы фараон жел өпкө, ал белгиленген убакытты өткөрүп жиберди», – деп кыйкырып жатышат.
18
«Мен тирүүмүн, – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша, – Табордун тоолор арасында турганы, Кармелдин деңиз жээгинде экени кандай анык болсо, анын келери да анык.
19
Мисирде жашоочу кыз, көчүш үчүн өзүңө керектүү нерселерди камда, анткени Ноп ээн калат, элсиз чөлгө айланат».
20
Мисир – эң жакшы кунажын, бирок түндүктөн кыргын келе жатат, келе жатат.
21
Анын арасында жүргөн жалданма адамдары борго байланган букачарлар сыяктуу, бирок алар өздөрү да артка бурулуп качып кетишти, туруштук бере алышкан жок, анткени алардын өлө турган күнү, жазалана турган сааты келди.
22
Анын үнү жыландын үнүндөй болуп угулуп жатат, алар аскерлери менен келе жатышат, душмандар отунчулардай болуп, балталары менен ага каршы келишет.
23
«Анын токоюн кыйышат, – дейт Теңир, – анткени алар сансыз, алар чегирткеден да көп, аларга сан жетпейт.
24
Мисир кызы маскара болду, ал түндүктөгү элдин колуна салынып берилди».
25
Ысрайыл Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мына, Мен Нодогу Амонду, ошондой эле фараонду, Мисирди жана анын кудайларын, падышаларын, фараонду жана ага үмүттөнгөндөрдү жазалайм.
26
Аларды өлтүргүсү келгендердин колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, анын кулдарынын колуна салып берем, бирок ал ошондон кийин мурунку күндөрдөй элдүү болот», – дейт Теңир.
27
«Сен болсо коркпо, Менин кулум Жакып, үрөйүң учпасын, Ысрайыл. Анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарып алам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарып алам. Жакып кайрылып келет, кайрадан тынч, жакшы жашап калат, эч ким аны коркутпайт.
28
Коркпо, Менин кулум Жакып, – дейт Теңир, – анткени Мен сени мененмин. Мен сени кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдерди жок кылам, сени болсо жок кылбайм, бирок сени чеги менен жазалайм, сени жазасыз калтырбайм».
← Chapter 45
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 47 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52