bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 6
Jeremiah 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 7 →
1
Бенжемин балдары, Иерусалимдин ичинен качкыла, Текояда сурнай тарткыла, Бейт-Акеремде от менен белги бергиле, анткени түндүктөн улуу кайгы жана кыйроо келе жатат.
2
«Мен Сиондун сулуу, эрке кызын кыйратам.
3
Койчулар өз койлору менен ага келишет, анын айланасына чатырларын тигишет. Ар бири өзүнүн жерине малын жаят».
4
Аны менен согушууга даярдангыла. Тургула, түштө барабыз. Бизге кайгы! Күн батып бара жатат, кечки көлөкө узарып калды.
5
Тургула, түн болсо да барабыз, анын чептерин кыйратабыз!
6
Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Дарактарды кыйгыла, Иерусалимге каршы жал жасагыла: бул шаар жазаланышы керек, ал зордук-зомбулукка толгон.
7
Булак өзүнөн суу бүркүп чыгаргандай, ал өзүнөн жамандык чыгарып жатат: анын ичинен зордук-зомбулук, талап-тоноочулук угулуп жатат. Менин алдымда дайыма кыйналуу жана кайгы тартуу болуп жатат.
8
Иерусалим, акылыңа кел, Менин жаным сенден алыстап кетпесин, Мен сени чөлгө, эч ким жашабаган жерге айлантпайын».
9
Себайот Теңир мындай дейт: «Ысрайылдын калдыгын жүзүм сыяктуу акырына чейин терип алышат. Себеттерди толтуруп, жүзүм жыйнаган адамдай, өз колуң менен иште.
10
Алар уксун үчүн, Мен кимге айтам, кимди эскертем? Мына, алардын кулагы сүннөтсүз, ошондуктан алар уга алышпайт. Мына, алар Теңирдин сөзүнө күлүп жатышат, Анын сөзү аларга жакпайт.
11
Ошондуктан Мен Теңирдин каарына аябай толдум, аны Өзүмдө кармап тура албайм. Аны көчөдөгү балдарга жана топтошкон уландарга төгөм. Аялы менен күйөөсү, улгайып калганы менен карылыгы жеткени олжого кетет.
12
Талаалары менен аялдары сыяктуу эле, үйлөрү да жат бирөөлөрдүн колуна өтөт, анткени Мен бул жердин тургундарына каршы колумду сунам, – дейт Теңир.
13
Анткени кичинесинен чоңуна чейин, булардын ар бири ач көздүккө берилген, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучуга чейин жалган иш кылышат.
14
Менин элимдин жараатын “Тынчтык! Тынчтык!” деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.
15
Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, Мен аларды жазалаган күнү алар кулашат», – дейт Теңир.
16
Теңир мындай дейт: «Өзүңөрдүн бара жаткан жолуңарда токтогула, артыңарды карагыла, байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго түшкүлө, ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар». Бирок алар: «Барбайбыз», – дешти.
17
«Ошондо Мен силердин үстүңөрдөн сакчыларды коюп: “Сурнайлардын үнүн уккула”, – дедим. Бирок алар: “Укпайбыз”, – дешти».
18
«Ошондуктан кулак салгыла, элдер, алардын эмне болорун бил, жамаат!
19
Ук, жер жүзү! Мына, Мен бул элге бүлгүн түшүрөм, бул – алардын ойлорунун жемиши, анткени алар Менин сөздөрүмдү укпай, Менин мыйзамымды четке кагышты.
20
Шебадан келе жаткан ладандын, алыскы өлкөдөн келе жаткан жыпар жыттуу жылгындын Мага эмне кереги бар? Силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңар Мага жакпайт, курмандыктарыңар Мага жагымсыз».
21
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул элдин алдына тоскоолдуктарды коюп жатам, ага аталары балдары менен бирге, кошунасы досу менен бирге чалынат жана өлөт».
22
Теңир мындай дейт: «Мына, түндүк жактагы өлкөдөн эл келе жатат, жер кыйырынан улуу эл көтөрүлүп келе жатат.
23
Алар колдоруна жаа, найза кармап алышкан. Алар катаал жана ырайымсыз, алардын үнү деңиздей шуулдайт, аттарга минип учуп келе жатышат, сени менен салгылашуу үчүн бир кишидей тизилишкен, Сион кызы».
24
Биз алар жөнүндө кабар укканда, эмне кыларыбызды билбей, кайгыга баттык, толгоо тарткан аялдай кыйналдык.
25
Талаага чыкпагыла, жолдо жүрбөгүлө, анткени душмандын кылычы келе жатат, туш-туштан коркунуч туулду.
26
Элимдин кызы, белиңди зумбал менен курча, башыңа күл сеп, жалгыз уулуң өлгөндөй кайгырып, катуу ыйла, анткени кыйратуучу бизге күтүлбөгөн жерден келет.
27
«Сен Менин элимди билишиң үчүн жана анын жолуна көз салып турушуң үчүн, Мен сени Өзүмдүн элимдин ичине мунара жана чеп кылып койдум.
28
Алардын баары – өтө ишенимсиз адамдар, ушакчылык кылып жашашат. Булар – жез жана темир, бардыгы бузулган адамдар».
29
Жел үйлөгөн көөрүк өрттөнүп кетти, коргошун отто жок болду: эритүүчү адам текке эритти, анткени андан жаман кошундулары бөлүнбөй калды.
30
Аларды четке кагылган күмүш деп аташат, анткени аларды Теңир четке какты.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52