bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 30
Jeremiah 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 31 →
1
Теңирден Жеремияга болгон сөз:
2
Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: «Мен сага айткан сөздөрдүн баарын өзүңө, китепке жазып ал.
3
Анткени мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Өз элим Ысрайылды жана Жүйүттү туткундан кайра алып келем, – дейт Теңир. – Аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем, алар ошол жерге ээ болушат».
4
Мына, Ысрайыл менен Жүйүт тууралуу Теңир айткан сөздөр бул:
5
Теңир мындай деди: «Биз тынчтыктын эмес, дүрбөлөң менен коркунучтун үнүн угуп жатабыз.
6
Сурагыла, ойлонгула: Эркек киши төрөйбү? Анда эмне үчүн Мен ар бир эркектин төрөй турган аялдай болуп, колдору менен курсагын кармап алганын, баарынын өңдөрү кумсарып турганын көрүп турам?
7
Оо, кандай кайгы! Ал күн кандай улуу, андай күн болгон эмес. Ал – Жакып үчүн бактысыздык мезгил, бирок ал андан куткарылат.
8
Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – анын сенин мойнуңа салган моюнтуругун талкалайм, кишендериңди үзөм. Ошондон кийин алар бөтөн жерликтерге кызмат кылбай калышат.
9
Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кызмат кылышат, Мен аларга кайра койгон өз падышасы Дөөткө кызмат кылышат.
10
Сен, Менин кулум Жакып, коркпо, – дейт Теңир, – Ысрайыл, үрөйүң учпасын, анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарам. Жакып кайрылып келип, коопсуз, тынч жашайт, аны эч ким коркутпайт.
11
Анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир, – Мен сени кайсы элдердин арасына чачып жиберсем, ошол элдердин бардыгын таптакыр жок кылам, бирок сени жок кылбайм. Мен сени чеги менен жазалайм, бирок сени жазасыз калтырбайм».
12
Анткени Теңир мындай дейт: «Сенин жараң айыккыс, сенин ооруң катуу.
13
Сенин жараңды сакайтыш үчүн, сенин ишиң жөнүндө эч ким кам көрбөйт. Дартыңа даба жок.
14
Сени досторуңдун баары унутуп коюшту, сени издешпейт, анткени Мен сени көп мыйзамсыз иштериң үчүн душмандарыңдын соккусу менен урдум, катуу жазага тарттым, себеби сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.
15
Сен эмне үчүн өзүңдүн жарааттарың тууралуу, катуу ооруң тууралуу өкүрүп жатасың? Мен сага муну көп мыйзамсыздыгың үчүн кылдым, анткени сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.
16
Бирок сени жегендердин бардыгы желет, душмандарыңдын бардыгы өздөрү туткун болушат, сени чапкандардын бардыгы чабылат, сени талап-тоногондордун бардыгын талап-тоноого салып берем.
17
Сени болсо сакайтам, жараатыңдан айыктырам, – дейт Теңир. – “Эч ким сурабаган Сион ушул”, – дешип, сени четке кагылган деп аташкан.
18
Теңир мындай дейт: “Туткунга түшкөн Жакыптын чатырларын кайра алып келип, анын айыл-кыштактарына ырайым кылам. Шаар кайрадан өзү турган дөңсөөгө курулат, ийбадаткана мурункудай болуп тургузулат.
19
Алардын даңктоо ырлары, кубанган үндөрү угулат. Мен аларды көбөйтөм, алар кемибейт, аларды даңазалайм, алар кемсинтилбейт.
20
Анын уулдары мурдагыдай болот, анын топ эли Менин алдымда турат, аны эзгендердин баарын жазалайм.
21
Ошондо анын жол башчысы өзүнөн болот, анын башчысы өз ичинен чыгат. Мен аны Өзүмө жакындатам, ал Мага жакын келет, анткени Мага жакындаганга ким өзү батына алат? – дейт Теңир.
22
Ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом”».
23
Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал мыйзамсыздардын башына түшөт.
24
Өз жүрөгүнүн ниетин ишке ашырмайынча, аны аткармайынча, Теңирдин жалындаган каары токтобойт. Муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52