bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Jeremiah 50
Jeremiah 50
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 49
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 51 →
1
Теңирдин Бабыл жөнүндө жана каздимдердин жери жөнүндө Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөзү:
2
«Элдер арасына жар салгыла, кабарлагыла, туу көтөргүлө, жарыялагыла, жашырбагыла, айткыла: “Бабыл каратылып алынды, Бел маскара болду, Меродах талкаланды, анын буркандары маскара болду, анын жасалма кудайлары талкаланды”.
3
Анткени түндүктөн ага каршы эл көтөрүлүп чыкты, ал анын жерин чөлгө айлантат, ошондо ал жерде эч ким жашабайт, адам да, мал да жашабайт, бардыгы ал жерден чыгып кетишет.
4
Ошол күндөрдө, ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Ысрайыл уулдары Жүйүт уулдары менен бирге келишет, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирин ыйлап жүрүп издешет.
5
Сионго баруучу жол жөнүндө сурашат, ал жолду карап: “Жүргүлө, унутулгус, түбөлүктүү келишим менен Теңирге кошулалы”, – дешет.
6
Менин элим адашкан койлордой, анткени аларды койчулары жолунан адаштырып, тоолорго кууп жиберишти. Алар тоодон тоого, адырдан адырга тентип жүрүштү, өздөрүнүн жаткан жайын унутуп коюшту.
7
Ошондо таап алгандардын бардыгы аларды жеп коюшту, алардын душмандары: “Биз күнөөлүү эмеспиз, анткени алар чындыктын турагы болгон Теңир алдында, өздөрүнүн ата-бабаларынын үмүтү болгон Теңир алдында күнөө кылышты”, – дешти.
8
Бабылдын чөйрөсүнөн качкыла, каздимдердин жеринен кеткиле, койлордун алдында жүргөн текелердей болгула.
9
Анткени мына, Мен Бабылга каршы түндүк жеринен улуу элдердин калың тобун тургузуп алып келем, алар ага каршы тизилип, аны каратып алышат. Алардын жебелери мыкты аскерлердин жебелериндей болуп, куру кайтпайт.
10
Ошентип, Каздим жери олжо болот, аны кыйраткандар тоюшат, – дейт Теңир.
11
Анткени силер, Менин мурасымды талап-тоногондор, кубандыңар, шаттандыңар. Кубанычтан чөптүн үстүндөгү музоодой секирдиңер, согуш аттарындай азынадыңар.
12
Силердин энеңер катуу уятка калат, силерди төрөгөн аялдын бети кызарат. Ал элдердин келечеги – чөл, какшыган жер, ээн талаа».
13
Теңирдин каарынан ал эч ким жашабаган жерге айланат, ал жер бүт бойдон ээн калат. Бабыл аркылуу өткөн ар бир адам анын башына түшкөн мүшкүлдү көрүп, таң кала ышкырып өтөт.
14
Бабылдын тегерегине катарга тизилгиле. Жаа тарткандардын баары, аны аткыла, жебеңерди аябагыла, анткени ал Теңирге каршы күнөө кетирди.
15
Ага каршы туш-туштан кыйкыргыла; ал колун көтөрдү; анын негиздери кулады; анын дубалдары кыйрады! Анткени бул – Теңирдин жазасы, андан өчүңөрдү алгыла. Ал силерге кандай кылса, силер да ага ошондой кылгыла.
16
Бабылда үрөн сепкенди да, оруу-жыюу убагында орок оргонду да жок кылгыла. Кыйратуучу кылычтан корккон ар бир адам өз элине кайтсын, ар ким өз жерине качсын.
17
Ысрайыл – чачылган кой. Аны арстандар кууп жиберди. Адегенде аны Ашур падышасы мүлжүдү, бул акыркы Бабыл падышасы Небухаданасар болсо анын сөөктөрүн талкалады.
18
Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мына, Мен Ашур падышасынын жерин кандай жазаласам, Бабыл падышасын жана анын жерин да ошондой жазалайм.
19
Ысрайылды өз жайытына кайра алып келем, ал Кармел тоосунда жана Башан өрөөнүндө жайылат, ал Эпрайым тоосунда жана Гилатта тоюнат.
20
Ошол күндөрү, ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Ысрайылдын айыбын издешет, бирок анын айыбы жок болуп чыгат, Жүйүттүн күнөөсүн издешет, бирок күнөө табылбайт, анткени Мен Өзүм тирүү калтыргандардын күнөөсүн кечирем.
21
Мератайым жерине каршы, Пекоттун тургундарына каршы чык, кыйрат, алардын артынан бардыгын кыр, – дейт Теңир, – Мен сага эмнени буйрук кылсам, ошонун бардыгын жаса.
22
Жер үстүндө согуштун дабышы жаңырат, чоң кыйроо болуп жатат!
23
Бүткүл жердин балкасы кандай талкаланды, кандай кыйрады! Элдердин арасында Бабыл кандай үрөй учурарлык болду!
24
Мен сага тор жайдым, Бабыл, сен аны алдын ала көрө билбей, ага түшүп калдың. Сен түштүң да кармалдың, анткени Теңирге каршы чыктың».
25
Теңир Өзүнүн сактагычын ачып, андан Өзүнүн каар толтурулган идиштерин алып чыкты, анткени Себайот Кудай-Теңирдин каздимдердин жеринде иши бар.
26
Ар тараптан ага каршы келгиле, анын кампаларын ачкыла, аны боолорду тебелегендей тебелегиле, аны таптакыр жок кылгыла, андан эч нерсе калбасын.
27
Анын бардык өгүздөрүн өлтүргүлө, алар союлууга кетишсин. Аларга кайгы! Анткени алардын күнү келди, аларды жазалай турган мезгил келди.
28
Сиондо биздин Кудай-Теңирдин өч алуусу тууралуу, Теңирдин ийбадатканасы үчүн өч алуусу тууралуу кабарлаш үчүн, Бабыл жеринен качып кутулгандардын үнү угулуп жатат.
29
Бабылга каршы аткычтарды чакыргыла, эч ким качып кутулбашы үчүн, жаа тарткандардын баары анын тегерегине кошуун-кошуун болуп жайгашсын, ага өз иштерине жараша тиешесин бергиле. Ал силерге кандай кылса, силер да ага ошондой кылгыла, анткени ал Теңирге, Ысрайылдын Ыйыгына, каршы чыкты.
30
«Ошон үчүн анын уландары өзүнүн көчөлөрүндө өлөт, ошол күнү анын бардык жоокерлери кырылат, – дейт Теңир.
31
Мына, текебер, Мен сага каршымын, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – анткени сенин күнүң келди, сени жазалай турган мезгил келди.
32
Текебер мүдүрүлүп жыгылат, аны эч ким тургузбайт. Анын шаарларына от коём, ошондо ал от анын айланасындагынын бардыгын жалмайт».
33
Себайот Теңир мындай дейт: «Ысрайыл уулдары Жүйүт уулдарындай эле эзилди, аларды туткунга алгандар аларды бек кармап турушат, коё бергилери келбейт».
34
Бирок алардын Куткаруучусу күчтүү, Анын ысымы – Себайот Теңир. Өлкөгө тынчтык бериш үчүн, Бабылда жашагандарды калтыратыш үчүн, алардын ишин Теңир Өзү талдайт.
35
«Каздимдерге каршы кылыч! – дейт Теңир. – Бабылдын тургундарына, анын төрөлөрүнө, анын даанышмандарына каршы кылыч!
36
Төлгөчүлөргө каршы кылыч! Алар акыл-эстен ажырашат. Анын аскерлерине каршы кылыч! Алар талкаланышат.
37
Анын аттарына, майдан арабаларына, анын ичиндеги элдердин баарына каршы кылыч! Ошондо алар аялдардай болушат. Анын кенч-байлыгына да каршы кылыч! Алар таланып жок болот.
38
Анын суулары какшып калсын! Алар какшыйт, анткени бул жер – буркандардын жери. Алар өздөрүнүн эң коркунучтуу жасалма кудайларынан эс-акылдан ажырашат.
39
Ошондуктан ал жерде талаа жырткычтары менен чөөлөр жайланышат, ал жерде төө куштар жашашат, мындан ары ал жерде түбөлүккө эл жашабайт, ал жерге укумдан-тукумга эл көчүп барып отурукташпайт.
40
Кудай Содом менен Аморду жана ага кошуна жаткан шаарларды кандай кулатса, – дейт Теңир, – бул жерде да эч ким жашабайт, адам баласы токтобойт.
41
Мына, түндүктөн эл келе жатат, улуу эл, жер кыйырынан көп падышалар көтөрүлүп келе жатат.
42
Алардын колдорунда найза менен жаа. Алар таш боор жана ырайымсыз. Алардын үнү деңиздей күрүлдөйт. Бабыл кызы, сени менен салгылашыш үчүн, аттарга минип, бир кишидей тизилип, зуулдап келе жатышат.
43
Бабыл падышасы алар жөнүндө кабар укканда, эмне кыларын билбей калды, ал кайгыга батты, толгоо тартып жаткан аялдай кыйналды.
44
Мына, ал Иордан дарыясынын баш жагынан арстандай болуп, чептүү турак жайларга чыгып келе жатат. Бирок Мен аларды ал жерден шашылыш кетүүгө мажбур кылам. Ким тандалган болсо, аны ошого ишенип тапшырам, анткени Мага ким тең келет? Менден ким жооп талап кылат? Кайсы койчу Мага каршы чыгат?»
45
Ошондуктан Теңирдин Бабыл тууралуу чыгарган чечимин, Анын каздим жери тууралуу ниетин уккула: «Чындыгында, аларды койлордун ичинен эң алсыздары сүйрөп кетишет. Чындыгында, алардын турак жайлары ээн калат.
46
Бабылдын каратылып алынышы жөнүндөгү кабардан жер солкулдайт, элдер арасында өкүрүк угулат».
← Chapter 49
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 51 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52